Медициналык дары-дармектерди сатуу менен алектенген жеке фирмалардын жетекчилери алдамчылык боюнча шектелүүдө
Ош шаарында медициналык дары-дармектерди сатуу менен алектенген жеке фирмалардын жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ири суммадагы мүлктү ээлеп алуу боюнча шектелүүдө.
ИИМдин басма сөз кызматынын 2-декабрдагы маалыматына ылайык, аталган фактыны Ош ШИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери аныктаган.
Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, фирманын өкүлдөрү алдоо жолу менен жеткирүүчү-компаниянын ири суммадагы мүлкүн дары-дармектерди сатуудагы жардам көрсөтүү кызматы үчүн ээлеп алышкан.
Тараптар ортосундагы келишим мурунку жылдын жайында 10 күнгө түзүлүп, дары-дармектер жеткирилген, бирок акчасы төлөнгөн эмес. Аны менен 862 миң сомдон ашуун материалдык чыгым келтирилген, деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Булак : Баракелде
Комментарий кошуу