мошенничество1
 Ош шаарында медициналык дары-дармектерди сатуу менен алектенген жеке фирмалардын жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ири суммадагы мүлктү ээлеп алуу боюнча шектелүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматынын 2-декабрдагы маалыматына ылайык, аталган фактыны Ош ШИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери аныктаган.

Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, фирманын өкүлдөрү алдоо жолу менен жеткирүүчү-компаниянын ири суммадагы мүлкүн дары-дармектерди сатуудагы жардам көрсөтүү кызматы үчүн ээлеп алышкан.

Тараптар ортосундагы келишим мурунку жылдын жайында 10 күнгө түзүлүп, дары-дармектер жеткирилген, бирок акчасы төлөнгөн эмес. Аны менен 862 миң сомдон ашуун материалдык чыгым келтирилген, деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.