малдар1

 Агрардык өлкө болуп саналган мал киндиктүү Кыргызстанда бүгүнкү күндө төрт түлүктүн саламаттыгы көйгөйгө айланды. Жер-жерлерде чыгымга учуратпай малдын башын эле көбөйтүү менен алектенген эл. Ал эми мал ылаңдары менен күрөшүүчү ветеринария тармагы эми эле көтөрүлө баштаганы болбосо, эчак унутта калып, кадрлардын кыскарчусу кыскарып, калгандары башка кесип аркалап, бул жаатта дагы жагдай анчейин.

Ошентип, малдын саны өсүп бара жатканы менен алардын саламаттыгына, сатуу- сатып алуудагы тиешелүү документерге маани берилбей калган кооптуу жагдай түзүлүп отурат. Мал ооруганда гана эcке түшчү ветеринардык врачтар кайсы мал кайда кеткени, кайсы мал өлүп атканы, кайсы мал вакцина алып жатканы боюнча ыраатуу бир маалыматтарга ээ болбой, башаламан болуп жатканын айткан эл өкүлдөрү идентификация болмоюнча биздин малды эч ким албастыгын ар дайым эске салып, коңгуроо кагып келишүүдө. Ал эми жаныбарларды идентификациялоодо эң башкы маселе каржы булактарына барып кептелген кез. Польшадан 40 млн. евро насыя (анын 16 миллиону малды идентификациялоого максатталган) алуу боюнча Жогорку Кеңеш ратификациялык мыйзам кабыл алганы менен, ал Өкмөт тарабынан аткарылбай келе жаткандыгын депутаттар байма-бай көтөрүп келүүдө.

Депутат Талантбек Узакбаев идентификация – бул эл аралык талаптардын бири гана экенин, идентификация болсо эле малыбыз экспорттолот деп чолок ойлоп жатканыбызды айтып, башка дагы көп-көп талаптар – мал союучу пункттар, малды вакцинациялоонун стратегиясы болушу керектигин, имуннопрофилактика боюнча да мыйзам кабыл алынышы зарылдыгын билдирди.

Маселенин чечилишинде насыя түрүндө каражат алып Кыргызстандын моюнундагы карыздын көлөмүн дагы көбөйтө бербөө үчүн башка жолдор караштырылып жаткандыгына КР Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Ж.Керималиевдин айтымында, Бажы союзуна кирүүнүн алкагында Россиядан, Казакстандан чек арадагы лабораторияларды оңдоп-түзөө, жабдуу үчүн акча бөлүнгөндүктөн, идентификацияга да каражат бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Иш-чара 2этапка бөлүү менен пландаштырлууда. Биринчи этапка 7.5 млн доллар Россиянын грантынан берилет. Ал эми калган 11миллиондон ашык доллар Казакстандын грантынан каралмакчы. “Идентификация – бул малга бирка тагып коюу эле эмес, бир катар маанилүү иштер – IT системаны орнотуу, тиешелүү адистерди окутуу жана башка иш-чаралар турат. Бул иштерден кийин гана кара малды идентификация кылуу пландаштырылууда. Андан соң майда жандыктар жана жылкылар идентификацияланат”,- деп эске салат министрдин орун басары.

Ж.Керималиев малдын башын идентификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алып, 2014-жыдын 1-ноябрында башталат деп белгиленгени менен каржы булактары чечилбей, кийинкиге жылып калгандыгын эске салды. Айтымында, жакында Өкмөттө бул багытта жыйын өтүп, анда атайын бул иш менен алектенген орган түзүү чечими чыккан. Анда мындай орган Айыл чарба министрлигинин алдында түзүлүп, министрлик менен чогуу иш алып барышы керектиги белгиленген. “Ал органдын уставын, жоболорун иштеп чыгып, министрликтерге макулдашууга жөнөттүк, жакын арада бул орган да түзүлөт”, – дейт Ж.Керималиев.

Дыйкандар “этибизди же сүтүбүздү алыс жердеги лабораторияга алып бара албайбыз да, ошондуктан райондун борборлорунда да экспресс-анализ жүргүзө турган лабораториялар болсо” деген сунуш-пикирлерин айтышууда. Бул маселелер дагы сүйлөшүүлөрдүн ичине камтылган. Себеби, булар негизи аккредитациядан өткөн лабораториялар болушу керек.

Дагы бир эске алуучу жагдай, Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин депутаттары Казакстанда малдын башын идентификациялоо болуп, жакшы жыйынтык бербей калгандыгын айтып, мындай катачылыктарды кайталабоо боюнча бир нече жолу кооптонууларын Өкмөткө багыттаган жайы бар. Депутат Талантбек Узакбаев кабыл алган мыйзамга ылайык, ит-мышыктарга, аарыларга чейин идентификацияланышы керектигин, Кыргызстандагы эпизотикалык кырдаал жакшы эместигин, анын ичинде өзгөчө эхинококкоз оорусу күч алгандыгын баса белгиледи. Кечээ жакында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде зооантропоноздун (жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулар) ичинен эхинококкоз оорусу азайбай жатканы айтылды.

Министрдин орун басары Ж.Керималиев мындай олуттуу эскертүү Өкмөт, Айыл чарба министрлиги тарабынан эске алынып жаткандыгын билдирди. Бул багытта коңшу мамлекеттердин тажрыйбасы, катачылыктары да кылдат каралып, идентификациялоо боюнча адистерди даярдоо үчүн эл аралык ФАО уюмуна кайрылып, иш алпарылып жатат.

Ошону менен катар Ж.Керималиев коюлган техникалык тапшырмалар, эрежелер аткарылгандыгын, андыктан, негизинен идентификация иши башталганын белгилеп, “Кара малды идентификациялоону биз 2015-жылы башташыбыз керек. Каржы маселеси чечилип калса, 2015-жылдын декабрына чейин 1-этапты аяктайбыз деген ойдобуз”,- дейт.

Министрдин орун басары буга эми айыл жерлериндеги ветеринарлардын дагы кошумча жардамы болушу керек деген пикирде. Кээ бирлери малды идентификация кылбай койсо эмне болот дешет? Анда ал малын башка жакка сата албай калат. Малдын бардыгында бирка болот. Бирка боюнча маалыматтар компьютерге киргизилет. Малдын кимде болуп, кимден кимге өткөндүгү сындуу кыймылдары ошону менен көзөмөлдөнөт.

Ж.Керималиев маалымдагандай, малды идентификациялоо биринчи, экинчи жылы долбоордун эсебинен калк үчүн акысыз болот. Андан кийин тиешелүү министрликтердин эсеп-кысабы жүргүзүп, акысы жарыяланат. Элге арзаныраак болсун деп бирка чыгарган цехти да сатып алуу пландаштырылган. “Идентификациялоону жүргүзүүгө алдын ала эсептөөлөр боюнча 1500-1700дөй киши тартылмакчы. Алардын бардыгы долбоордун эсебинен окутулат. Мал ээлери биринчи жоопкер болушат. Бул боюнча окутуу, түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүлөт”,- дейт Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.