маекМейманбү3- маекМейманбү- маекМейманбү2- маекМейманбү1-

Шермамат Осмонов,  1944-жылы  Ленин районунун (азыркы Базар-Коргон) Базар-Коргон айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун  Базар-Коргон районунун Ленин (Акман) колхозунда  ветеринар кызматын аркалап, 1971-жылы Фрунзе шаарында Скрябин атындагы Айыл-чарба институтун аяктап, жумушун улаган. Москвадагы Жогорку Экономикалык окуу жайын 1989-1991-жж. аяктаган. 1974-жылы ошол эле райондун башкы ветврачы болуп дайындалган. 1976-жылы Совет районунун Совет совхозунун директору кызматына дайындалган. 1991-жылдан жаңыдан уюшулган Жалал-Абад областынын областтык коммунисттик партия комитетинин секретары, областтын айыл-чарба башкармасынын биринчи орун басары, Таш-Көмүр шаарында биринчи орун басары, Айыл-чарбада реформа жүргүзүүнүн башкы директору, областтык губернатордун орун басары, Айыл-чарба департаментинин директору ж.б. кызматтарын аткарган. Аксы районунун акими, КРнын ветеринардык департаментинин генералдык директору жана башкы инспектору кызматтарын аткарган. Учурда персоналдык  пенсионер катары ардактуу эс алууда, эки уул, үч кыздын атасы, он чакты неберенин сүйүктүү чоң ата, тайатасы.

Эмгек Кызыл Туу ордени, “Эмгектеги артыкчылыгы” медалы, СССРдин ВДНХнын үч жолку жеңүүчүсү катары алтын, күмүш, коло медалдары менен сыйланган, областтык жана райондук кеңештерин бир канча жолку депутаты.

Өз мезгилинде Ош областына караштуу Совет районунун Совет совхозунун өндүрүшү төмөн түшүп, чыгашалуу, өзүн-өзү актабай калган абалдан Шермамат Осмонов  жетектеген кыска убакытта, бийик тоолу жана айыл чарбага ылайыкташкан аймактын  социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулаган. Атай кетсек,   совхоздун чарбасында 19 кашарда 35 миң баш кой катталган болсо, кийин 64 кашарга 65 миң баш койго көбөйгөн. Ал эми айыл чарба багытындагы башка тармактардын да көрсөткүчтөрү жогорулап, СССРдин ВДНХ көргөзмөсүндө алгылыктуу жыйынтыктары үчүн үч жыл катары менен алдыңкы орундарды ээлеп келген. Үрөн өндүрүү  2 400 (эки миң төрт жүз) тоннага чейин жогорулап, бүтүндөй районду камсыздай алган.

Жетекчиликке алган  тармак болобу  же аймакпы, барган жеринде элдин алкышын алып, өндүрүштү жандантып, адамдык асыл сапаты менен ар намысты туу тутуп, таза мээнет, таман акы – маңдай тер менен жашоо көркүн ачкан Шермамат Осмонов аксакалды сөзгө тарттык.  Ардактуу эс алууда жүргөн, өлкөгө баа жеткис салым кошкон аксакалдан өлкөбүздүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу ой бөлүшүүсүн өтүндүк.

– Шермамат аба,  быйыл 2015-жыл биздин өлкө үчүн келечекти тандоо жылы, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Аны менен катар дагы беш жылга кыргыз эли кандай багыт менен жашоо улантат, кандай жолду тандайт деген суроо турат, ушул багытта сиздин пикириңиз кандай?

-Кыргыз эли улуу эл, руху күчтүү, дили таза, жүрөгү ыйманга толгон атуулдарыбыз көп. Адал эмгек менен ырыскы тапкан инсандардын жардамы менен өлкөнүн бардык тармактарында комплекстүү реформа жүргүзүү керек. Азыркы мезгилде бир топ жылыштар болгон менен кемчиликтер көп, анын бир себеби кадр маселеси, өзүнүн тармагын жакшы өздөштүрбөгөн кызматкерлерди чоң кызматтарга, жооптуу кызматтарга алып барып койгон кемчилик деп эсептеймин.  Бул кемчилик өндүрүшкө терс таасирин тийгизгенден  сырткары, коррупциянын гүлдөп өсүшүнө түрткү берип келүүдө.

Азыркы парламентти карайлычы, тааныш-тамыр, чөнтөгүнө жана партиясына карап кызмат берип, ал кызматка ээ болгон атка  минер, ошол кызмат берүүчүлөргө баш уруп, жүгүнүп, алардын тилинен чыкпай, алардын камчысын чаап иш алып барышы кадимки эле көрүнүш, норма болуп калды. Мамлекеттин кызыкчылыгы жок болуп, ар бир адам өзү отурган кызматтын жыйынтыгын чыгарып, алдыга карай жылыш  болсо деген көрүнүш негизинен байкалбайт.

Айрыкча адамдык сапат, жүрүм-турум б.а. этика, маданият маселеси да орчундуу турат.  Мурунку убактарда айылда эки адам кайым айтышып, мушташып калса, бул көрүнүшкө бүтүндөй айыл тургундары намыстанышчу эле. Азырчы, элге ар тараптан үлгү боло турган Жогорку Кеңештин депутаттары жаакташып, керек болсо, мушташып телеберүүлөрдөн жүрүм-турумдары жумурай журтка шардана болуп жатат. Келе  жаткан муунду  ажаандыкка тарбиялап, уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылган абалды кадимки көрүнүшкө айлантышып жаткандары зээниңди кейитет.

Конституциябыз чийки экенин убакыт өзү ачыктап койду деп эсептеймин. Мындай деп айткан себебим, туура саясат менен кандай мамлекет болбосун 5 жыл аралыгында эле оңолмок, биз 25 жылдан бери күндүзү чырак менен жол издеген адамдайбыз. Чынында көлөмү  жагынан Россиянын Свердловский областына да жетпейбиз. Ал эми башкаруучуларыбыз болсо ого эле көп. Кыргыздар айткан, “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде  ыйман жок” деп, а бизде тууганы эле эмес, жоро жолдош, дос тамырына чейин акыл эс, билим, дараметине карабай кызматка коюп алып олтурушат. Мындай көрүнүш, өлкөбүздү көлдө бара жаткан кемеге салыштырсак, анда билгени деле билбегени деле штурвалды каалагандай жулкулдатып, кемени калчаңдатып коркунучтуу абалда айдап бара жаткандай болот.

Ушундай кыйын абалдан чыгуу үчүн биринчиден Конституциябызды туура жазышыбыз керек, эл арасында калыс сөздүү, акылдуу, илимдүү, кыраакы кишилерибиз көп. Мына ошондой адамдардын тобун, ар тармактуу юридикалык билимдүүлөрдүн тобун, эскперттердин тобун, байкоочулардын жана кеңеш берүүчүлөрдүн тобунан түзүлгөн Жумушчу топко убакыт берип, коомдук угууларды байма-бай, жер-жерлерде өткөрүп, жалпы журт катышкандай шарт жаратуу керек.

Экинчиден, партиялык система менен тандоону кыргыз менталитетине ылайыкташтырып иштеп чыгуу керек жана мамлекеттик бюджеттен ашыкча чыгым кетирбестен Жогорку Кеңештеги 120 депутатты 70 депутатка чейин кыскартууну туура көрөм.

Үчүнчүдөн, чындыкты айта алган, жумушун жакшы өздөштүргөн кесипкөй жарандарды жумушка тартып, кадрдык саясатты туура жүргүзсөк, аста-аста өлкөбүз оңолот.

А бизде, эмне болуп жатат карагылачы?  Миллионду тиги уурдады, бул уурдады дешип парламентте бири-бирин сөөмөй кезеп көргөзүшүп жатышат, укук коргоо органдары өз ичинде тазалануу жүргүзүп,  медеси ток адамдар келсе эле оңолушубузга көзүм жетет.

– Урматтуу Шермамат аба,  сиз кыргыз элине белгилүү Бекмамат Осмоновдун бир тууганы болосуз. Быйыл бул инсандын 70 жылдыгы болот деп айтылууда. Үй-бүлөңүз жана кызматта жүргөн учурдагы эсте калган ирмемдерден айтып берсеңиз?

-Менин атам Осмон  Совет өкмөтүндө колхозчу болуп туруп, сегиз уулду өстүрүп, 7 уулу жогорку билим алып, 6 уулу коммунисттик партиянын мүчөсү катары кыргыз элине ак кызматын өтөдү деп сыймык менен айтып келем. Өз балдарыма да, менин атам бизге “Силер дүнүйөнүн кулу болбогула!  Мамлекеттин нанын жеп, мамлекеттик  машинада жүрөсүңөр, элге ак иштеп, таза жүргүлө! Бир, жарым жылдык запасың болсо,  ден соолугун болсо, бала-чакан тынч болсо калганы табылат…!”- деп апам көз жумган жылы насаатын айтып үйүнөн узаткан эле.  Ошол принципти карманып келе жатам жана  өз балдарыма, бирөөдөн бир сом алба, бирөөгө кошоматчылык жасаба, туура сүйлө, таза иште деп айтып, талап да коюп келем.

Быйыл иним Бекмамат өзү тирүү турганда 70 жашка толмок, ал менин бир тууганым болгону үчүн сыймыктанам. Ал жөнүндө жакшы эскерүүлөрдү угуп, гезит, журналдардан окуп калган учурларда, аман болсо, дагы канча жакшы иштерди жасамак деп каламын.  Бекмамат жөнүндө элдин айтканы жөндүү деп эсептеймин.

Жалындуу жаштыгым, күч кубаттуу мезгилим ар кандай кызматтарда өттү. Эсимде 1987-жылы кыш оор болуп, кар абдан калың түштү, чабандардан кабар алуу жана кыштоосуна жем-чөп жеткирүү зарыл болчу.  Чөп табалбай канаттуулар айылга башпаанек кармап учуп келсе, миңдеген  канаттуу талааларда кырылып калган эле. Оштогу Аскер горнизонунан келген танка, БТР техникаларынын жардамында кар үстү менен Совет совхозуна караштуу Сары-Бээ, Күнгөй-Тескей, Учук, Ак-Таш, Басалды, Секелек кыштоолоруна түнү-күнү жем-чөп жана чабандардын үй-бүлөсүнө азык жеткирип турдук.

Мамлекеттин иши дегенде ичкен ашыбызды жерге коюп жүгүрчү элек, жалгыз эле мен эмес, менин айланамдагы бардык эле адамдар эртеңки келечегибиз үчүн аракеттенишчү. Бир жолу күзгү жыйын терин кезинде, кар эрте түшүп, талаа жумуштарынан суу,  ылай болгон кийимимди алмаштырып, тамактанып алууга үйгө кайрылсам, үйдө эч ким жок. Сураштырып барсам, айыл ичиндегилер менен кошо  балдарын ээрчитип раматылык жубайым Шайымкан да жүгөрү кайрып жүрөт. Тамашалап балдарыма: “ой, эмне кылып жүрөсүңөр?” – десем, балдарым кар алдында калган жүгөрүнү жыйноого жардам  берели дедик, дешип жатпайбы. Анткени, ошол жылы эрте кар жаап, күзгү жыйын-теринди кар алдынан жыйнап алганбыз. Ошол учурда биринчи өлкөнүн кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы андан кийин жеке кызыкчылык тураар эле.  Эсимде,  эт планы толбой жатат деп чуркап жүрсөм, өспүрүм курактагы уулум: “Ата, эт планы толбой атса, биздин уйду алып барып берелиби?” – деген эле, мамлекет үчүн иштегибиз, колубузда бар буюмду бергибиз келээр эле. Азыр тескерисинче болуп жатпайбы, мамлекеттен алмай, дагы эмнени кантип бекитип алсам, эмнесин өзүмө каратып алсам экен демей…

Ошентип областтык жана республикалык деңгээлдеги кызматтарда иштеп жүрдүм. Жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абад областынын айыл-чарбасын реформалоо боюнча иш алып бардык, анда областта Б.Талгарбеков губернатор эле, 19 кайра иштетүүчү объектиси жанданып ишке берилди. Кийин Б.Талгарбеков кызматынан  которулганда: “Мен Шермамат Осмоновичтей адамдар менен иштешкениме ыраазымын!”- деп коомчулуктун алдында ыраазычылыгын билдирди. Ошентип, күндүр-түндүр билек түрө иштеп, кыйналдык дебей ал эмгектен рахат алаар элек.

Аксы районунда аким кызматын аркалап жүргөн учурда Аксы районунан Ала-Бука районуна жол каттам жоктугунан Өзбекстан аркылуу чек арачылардын текшерүүсүнө, жакшы эмес мамилесине тушугуп азап тартышчу эле. Аксы – Ала-Бука  жол каттамын демилгелеп эл менен бирдикте ашар ыкмасында салганбыз жана Иринжит каналын да колдо кетмен, күрөк менен курган элек. Ошондой эле, 11 мектепти реконструкциялап, чөп басып кароосуз калган стадиондорду калыбына келтирип, ирригация жана жайыт маселелерин жандантып, элдин жашоо-турмушунда санитардык норма сакталуусун талап коюп, жада калса жууркан, төшөгүн, нан салган сандыгын карап, үй-тиричилигине чейин киришүүгө туура келди. Ошондо аксылык сый-урматтуу аксакал, байбичелер: ”Шермамат Осмонович, биз уктап калган экенбиз, биздин эл өзүн таштап жиберген экен. Сиз бизди ойготтуңуз”, – деп айтышкан эле.

– Эми маегибизди жыйынтыктап жатып,  айта кетсеңиз ушундай эч ким мамлекет үчүн жоопкерчиликти албаган абалга эмне себептен туш келдик деп ойлойсуз?

-Эмне үчүн экени бадырайып эле көрүнүп турбайбы. Өкмөттү парламенттеги көпчүлүк коалиция түзүп жатат. Премьер-министрди тандагандан кийин ага мүмкүнчүлүк бериш керек, өзүнө кадр тандап алууга, бизде болсо калган министрлер кабинеттерин да көпчүлүк коалиция дайындап, ар кимиси өз адамын түртүп жатат. Премьер-министр сын-пикир угуп, оппоненттеринин “кара пиарына” кабылып жыл айланбай алмашып жатат. Райондук акимдин деле абалы жыргап кеткен жери жок, айыл өкмөттөрүн дайындай да, иштен да ала албайт. Жөн эле олтурушат, аларга караганда партиянын лидеринин жазылбаган бийлиги күчтүү, ишке коём дегенин ишке коё алат, иштен алам  дегенин ар кандай интригалар менен алып салат. Карап турсаң “уурусу – туурумун десе туурусун – ууру” – деп көргөзгөн эле мезгил болуп жатат.

Президентибиз аракет жасап жатат, коррупция менен күрөшүү саясатында тиешелүү органдар туура аткарып, мыйзамдын баардык  жарандарга бирдей иштээрин даңазалап, туура багытты карманышы керек. Баягы эле миллиондорду жымырып, “ячейкаларды” тоногондор жооп бербей, тоок уурдагандар менен түрмө толду деген саясаттан арылышыбыз керек.

Манастын рухунда жаш муундарды тарбиялап, заман талабына ылайык ааламдашуу кучагынан кыргыз бойдон калуу аракетин көрүп, мамлекетибизди бекемдеп, экономикабызды чыңдап, башка элдерден калышпай тиричилик өткөрүүгө бел байлабасак кеч болуп калат. Ансыз да эки, үч жаатка бөлүнүп акыйнек айтышууну өнөр көргөндөр, шайлоо учурунда эле аш-тамагын, акчасын сарптап, эптеп эле кресло кучактап олтурган мителер көбөйүп кетти.

Быйылкы жылы элибиз кооз сүйлөп, куру жалак менен коюн толтурган “эргулдарды” шайлабастан,  элдин камын көргөн, келечекте элдин тагдырын жакшы жолго салууга эс-акылын, күч аракетин жумшаган ак жүрөк, билимдүү, илими бар өз кызыкчылыгын ойлобогон,  акылман, даанышман татыктуу уул, кыздарын шайлап, кыргыз элинин улуулугун көрсөтөт деп ишеним арталы. Ал эми, өлкөнү, элибизди   адамдык сапаттары бийик бир ууч эр-азаматтар эле туура жолго баштап алаары бышык.

-Шермамат аба, кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат! Сиз айткан сунуш, омоктуу ойлордон жыйынтык чыгып калаар деген тилекте бололу!

Мейманбу АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу