букмекеркази

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга, Салык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Граждандык кодеске, “КРлицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жана киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралды. Бириктирилген долбоордун демилгечилери – депутаттар ТөрөбайЗулпукаров, Майрамбек Расулов, Мирлан Бакиров жана КР Өкмөтү.

Букмекерлер менен тотализаторлор кумар оюндарына берилип кеткен адамдардын, баарынан мурда инсандык сапаттары калыптана элек жаштардын адеп-ахлактык жана психологиялык абалына терс таасир көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн негизи болуп кызмат кылууда. Жаштар, анын ичинде өспүрүмдөр оюн-зоок салондору менен автоматтарынын кызматтарынан пайдаланган адамдардын негизги массасын түзөт.

Долбоордун маалымат-негиздемесинде “түйүн ичиндеги казино”, “казинонун кассасы” деген түшүнүктөр жок болгондуктан жана “оюн автоматына” так аныктама берилбегендиктен, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кумар оюн иш-аракеттерин бетин ачуу жана бөгөт коюу татаалдаштырылгандыгы айтылган. Мындан улам “кумар оюн иши”, “кумар оюн жайлары”, “кумар оюну”, “оюн автоматы” деген түшүнүктөр мыйзам долбоору аркылуу киргизилип, ошондой эле “аппараттык-программалык комплекс”, “электрондук (виртуалдык) казино”, “компьютердик симуляторлор”, “түйүн ичиндеги казино” жана “казино же оюн автоматтар залынын кассасы” деген негизги жаңы түшүнүктөр менен толуктоо зарылчылыгы келип чыккан.

Демилгечилер мыйзам долбоору кабыл алынып, кол коюлуп,расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө киришин сунушташкан. Ал эми тармактык комитети бир жылдан кийин күчүнө кириши белгиленген чечим кабыл алышкан.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.