Бүгүнкүдөй кыйын шартта насыя алган ишкерлерге мамлекет тарабынан жардам иретинде иш-чаралар көрүлбөй жатат
Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Дастан Жумабеков жана Надира Нарматова ири салык төлөп, мамлекеттик казынанын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн ишкерлер бүгүнкү күндө кыйын абалга кептелгендиги боюнча маселе көтөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Доллардын куну өсүп, банктар өз кызыкчылыктарын көздөө менен иш алпарууда. Жүздөгөн ишкерлер насыяларды доллар менен төлөп, доллар кымбаттаган сайын кыйын абалга туштугуп жатат. “Бюджетке салым кошкон мындай ишкерлерге жардам иретинде Өкмөт тарабынан тиешелүү иш-чара көрүлбөй жатат”,- дейт депутат Д.Жумабеков.
Депутат Н.Нарматова дагы бул маселени улап, Улуттук банк менен КР Өкмөтү коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кандайдыр бир программа иштеп чыгуусу керектигин баса белгиледи. Ошону менен катар бул багытта парламент жыйынындарынын бирине маселе коюп, элге конкреттүү бир маалымат жеткирүүнү сунуш кылды.
Комментарий кошуу