журналист

“Марал” радиосунун Түштүк  аймагындагы  жооптуу  өкүлү, жаш  журналист Исманали  Муратов  жаңы үй-бүлө  куруп, кесибинин үстүнөн  талыкпай  эмгектенип  жатканда эски   боор оорусунан  жапа   чегип,   күлгүн   өмүрү  экчелип  турган  кез. Исаманали боор  оорусунун  азабын  2011-жылдан  бери  тартып  келет. 2012-жылы Бишкекте  операция  болуп, боорунун оң  тарабын өтү  менен кошо  алдырууга  аргасыз  болгон. “Альвеококкоз”   деген курт боорун  басып алган, ал куртту  дарылап  айыктырууга да, түшүрүүгө  да болбойт дешкен  дарыгерлер. Анын  бир  гана жолунун айласын  таап, 2013-жылы  Исманали  Түркиянын   Стамбул шаарындагы   клиникада  тосулуп  калган  кан  тамырлардын  ичине  түтүк койдуруп,  убактылуу ачтырып, операция  жасаткан.  Анын мөөнөтү  бүтүп,   боордун  кан тамырлары  кайра тосула баштаганынан  дарыгерлер  боорду  алмаштыруудан  башка  айла  жок экенин  айтышкан. Биздин  дарыгерлер мындай  татаал, оор  операцияны  Кыргызстанда  жасабайт. Ал үчүн  Кытайга  же  Индияга  барууга туура  келет. Ал  жерде донорду кошо  таап, операция  жасап  бере  турган  ооруканалар  бар, мындай операция кеминде 100 миң долларды  чапчыйт. Жаш журналист андай чоң  сумманы  кайдан  тапмак?

Урматтуу  кайрымдуу  мекендештер! Кыргызда “Көп  түкүрсө, көл  болот” деген  накыл  кеп  бар. Калдайган  калың  журттун  арасынан   бирөөнүн  кайгысына карап  тура  албаган, колунан  келгенин  аябаган боорукер, мээримдүү   инсандарыбызга  үмүтүбүз  артылып  турат.  Ата-бабаларыбыздын   салтын  улап, кылымдарды  карытып  келаткан элибиздеги жакшы  жөрөлгөнү  колдонуп,  колдон  келишинче, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша тамчыдан деңиз куралгандай ошол суммага өз салымыбызды  кошсок, жаш  журналисттин өмүрүн   арачалап, ага  жашоо, жаңы өмүр  тартуулаган болоор элек.

KICB BANK

Муратов  Исманали

KGS 12801160130881812

USD 12801160132258331

RUB 1280116016359196

Байланыш  телефону; (0777) 80-10-26, (0550) 80-10-26