музскупльп1 музскульп2 музскульп3

  музскульп     Бельгиянын  атактуу  бир шаары  Брюггеде  жыл  сайын,  тагыраак  айтканда, 1997-жылдан бери муз  скульптурасынын көргөзмөсү иштейт. Өткөн бир  мезгилдерде  өтө бай, өтө даңазалуу Батыш Европанын  соода  борбору  катары  таанылган  шаарды  азыркы  кезде  айрым  бир көз караштар менен “умерший город”, бизче  айтканда  “жок  болуп  бараткан шаар” деп аташканы  түшүнүксүз, анткени  жылына   үч миңден ашуун   туристтердин  келип-кетүүсүнөн антип атоого ооз  барбаганына  не  себеп  дейсиз? Шаарда  болгону  174 миң адам жашайт бүгүнкү  күндө. Андай  деле башка  калааларга  мүнөздүү   көк  тиреген имараттары, көз айырбаган кооз,  заманбап  үйлөрү же  таң калаарлык  стилдеги  тарыхый-маданий  эстеликтерди  эмес,  кадыресе  кыштан  салынган, жапыз  жана  ыңгайлуу, готика жана барокко стилиндеги  орто  кылымдын элесин,  жашоо образын көрүп, канча  кылымдардан  бери өз ажарын, боегун, өзгөчөлүгүн  жана  таанымын  жоготпой туристтерди  эмнеси  менен тартканына  таң каласың. Чанда  кезигүүчү  тарыхый  баалуулук  катары  ЮНЕСКО тарабынан  корголууга  алынган  шаар. Брюггени   бир чети  тамашалаппы же  чындаппы  “Князь в  грязи”, кыргызчага которгондо “ Ооматы  кеткен  байбача” деп  коюшат. Шаардын өсүп-өнүгүүнүн  ордуна, тарыхый  музей  катары  сакталып же  каражат  топтоонун булагы катары  кызмат кылышы тарыхый-социалдык факторлорго көз  карандылыгын танууга  болбойт. Ошентсе да калкынын  санынан  туристтердин саны  көп, алардын   эсебинен  жашап, байыган, орто кылымды өзүнө  батырып турган    шаардын  бир артыкчылыгы жөнүндө  айтып  берейин.

Адам  баласы  табиятынан  жомокко жакын келет. Балдар  үчүн жасалган  дейин  десең, көрүүчүлөрү  балдарга  караганда чоңдор көп, кичинекейлер  андан  ашыгыраак,  кыскасы, күн  сайын  эл  жык-жыйма. Биздин  балдар эле  эмес, чоңдор  да сүймөнчүк менен  көрүшкөн  жомоктордун  каармандарынын баарын  муз скульптурасынын галереясынан  табасыз. Легендарлуу  жомоктордун  каармандары: Золушка, Тарзан, Шрек, Кай менен Герда, Балу,  Шерхан, Отелло,  Ка,  Багира  сыяктуулар, тынымы жок, жердин  жети түбүндөгүнү сезген  Микки-Маустарды, жомокту жакшы  көрүшкөн  гномиктерди кездештиресиз. Жер жүзүндөгү  бүткүл  адамзатка жакшы  тааныш “Кар ханышасы” (“Снежная королева”), “ Муздак  жүрөк” (“Холодное  сердце”) сыяктуу жомоктогу эпизоддор учкул фантазиянын керемети  менен кар менен  музга  чегерилген. Ар жыл сайын жаңы  жомоктордун сюжетинин негизиндеги көрүнүштөр, окуялар жана каармандардын  образдары  чагылдырылат. Жаңы жыл босогосундагы жомок “Фрозен” деп  аталат. Жалама  аскалуу, ак кар, көк  музга  чулганган, барса-келбес  тоо чокусундагы падышачылыкта  карды  жарып чыккан  байчечекейдей  назик, жанда жок мээримдүү, эки жүздүүлүккө, кара ниеттикке  жана  эзүүгө  каршы турган ханышаны куткаруу оңойго турбайт. Алардын  душмандары оңой менен жеңилип  бербеген мистикалык образдар. Кала берсе  тырмактын  агындай  кар  бүртүкчөлөрү да жандуудай сезилет. ”Фрозендин” каармандары  Анна жана Эльза, Кристофф  менен Свен, Ханц жана Оакен, Везельтон менен Олафтардын образдары  жогорку  чеберчилик менен өтө ынанымдуу, ийкемдүү жана  жандуудай көркөм жасалган.  Жомоктун  сюжеттерин  муздан жасоого  күн  мурдатан  конкурс  жарыяланып, жеңип  чыккан  профессионалдар: АКШ, Канада, Германия, Италия, Испания, Франция жана башка Батыш Европа мамлекеттеринен, биздин кошуна Россиядан  кыркка  жакын скульпторлор  тандалып  алынган. Муз  скульптураларынын көргөзмөсүн  жасоого 500 тонна муз, 500 тонна кар, 2 тонна  муз бүртүкчөлөрү  алынып  келинип, жогорку технологиянын негизинде тоңдурулган “Диснейленддин” каармандары  жүз ачышкан. Ага  атайын  чоң имарат бөлүнүп, минус алты  градус  суукта кармалат. Үч бөлүмдөн  турган композициянын ар бир  деталлдары, эпизоддору  жогорку  чеберчиликти айгинелеп, өтө берилген ынтызарлык, чоң эргүү менен  тургузулган. Көргөзмөнүн чоң  залында  жаңы жылдык   балга  даяр  турушкан , ашкере аземдүү, экстроваганттуу кийинген , биринен өткөн бири  сулуу  ханышалар менен келбеттүү  ханзадалардын  монументтери азыр  эле  кыймылдап жиберчүдөй жандуу жана  ишенимдүү  туюлат. Алардын  көз ирмемчелик  кыймыл-аракетинен, турган-турпатынан, кебете-кешпири менен жүзүндөгү  мимикасы, жестинен жан-дүйнөсүнүн абалы  айкын  билинет. Музга  катырылган  ар бир  эпизод  жомоктун сюжети менен ичкертен  байланышып, ошол дүйнөгө аралашып жүргөндөй сезим калтырат. Ханзадалар  менен  ханышалар  сырдашкан табияттын  мезгили, кала берсе  алардын отургучтары  да эске алынган. Экинчи бөлүмүндө  хан сарайдын  элеси орнотулуп, кар ханышасынын  каретасы  кайдадыр  көздөй шашып  баратат…Таптакыр  тынчыбаган, жер  тыңшаар Мамыттардай чырылдаган Микки-Маустар, аларга катарлаш чакан керебетте  жомокчу  кызды күтүп, уйкусу  келбеген  кипкичинекей  гномиктердин  турмушу  тан  калтырат. Айтмакчы, гномиктер жөнүндөгү уламыш  эсиме түштү.

Германиянын ири шаарларынын бири Кельндун  борбордук аянтында  атайын гномиктерге арналган  эстелик –монумент тургузулган. Илгери-илгери өткөн  бир замандарда Кельндө  кичинекей  адамдар  жашашкан  экен. Алар эч кимге  билдирбей, эч кимге көрүнбөй, түн ичинде жашырынып келип , шаардын тургундарына үйүндөгү бүтпөгөн  иштерин бүтүрүп, курулушка, дан өстүрүүгө  жана устачылыгына  аябай жардамдашып, келип-кетип турушчу  экен. Тургундар да  бир иш баштаса көңүлү эргип, кызыгуу менен жасап, эгер бүтпөй калса , кыжаалаттанбай  эле уктап, беймарал  эс алышчу. Оюнда  жардамдашаар  кишилердин  бардыгы аларды  кайрат-күч  топтогонго каниеттендирген.  Күндөрдүн биринде  кимдин эмне иш  жасаганына, ким каякка барганына, ар  бир үй-бүлөдө кандай кеп-сөз болгонуна  аябай кызыккан Варвара  деген  тигүүчү аял  алардын сары  изине чөп  салыптыр…  Белгисиз, ”ак жүрөктөрдү” көрүүгө куштарланган  Варвара  укмуштуудай  план ойлоп  табат. Үйдүн тепкичтеринин үстүнө майда, билинбеген  нокотторду  чачып коет да, өзү  уктабай  аңдып  жатат… Түндүн  бир оокумунда тепкичтен чыгып  келатышкан  гномиктер   сыйгаланып  жыгылып, алардын тыбыраган дабышы  угулуп калат. Чырагына  май  тамган Варвара  керосин  куюлган  шам  чырагын көтөрүп чыга калат да, аларды көрүп  алат. Ошол  окуядан кийин кичинекей адамдар  таптакыр  келбей коюшат. Адамдар болсо аларды  күтүп, дайыма  тепкичтерин  таза кармашат экен. Ошентип, эмгекти  сүйгөн, ишти  оор-жеңил деп  ылгабаган, эмгекчил ,адамдарга  жардам  берүүдөн  ырахат алышкан  гномиктер  жомоктордо  гана жашап  калышыптыр….

Жомоктун  турмуш  менен шайкештигин айгинелөөгө  аракеттенген  ойдон улам жаралган  эпизоддор да көрүүчүнү  кайдыгер калтырбайт. Чылгый  муздан  чегерилген сыракананын ички көрүнүшүн  элестете  бериңиз… Европалыктарга  мүнөздүү  балпайган,  көрүнүшү  күлкү келтирерлик  курсагын  челкейте, мурутун  жанган бармен  сырасын   сатуу менен  алек. Айтмакчы, сырачылардын  кесиптик  кийимдери өзүнчө.Ак  көйнөк кара  шым кийип, көк түстөгү  фартук  тагынышат.Германиянын Вуперталь  шаарында илгертеден сырачылардын  кантип  келгени  жөнүндө  уламыштар   айтылат. Илгери-илгери зыяратчылар Испанияга  барабыз  дешип, жол азабы , көр азабын  тартып, буту  ооруп , сапарын  улай  албагандыктан, Кельндө  калып  калышат. Сыра  сатып, тиричилик  кылышат. Күн  ысыганда айрыкча  жай  мезгилинде  сырачылар  пайдага  туйтунуп  оңуп  калышат. Жергиликтүү  эл гана  алардын  сырын   билбесе, эки  жактан келген  чочун  адамдар, меймандар алардын  кайрымагына  тез  илинет. Андыктан  сыраны  эч качан  түбүнө   калтырбай, таза  ичүүгө  болбойт. Кайса  маалда, кайсы  убакта алдыңыздагы  сыра  куюлган   чөйчөгүңүз( кружка)   толгонун  байкабай  да  каласыз…  Түбүндө  калбай  калса, дароо эле  толтуруп  коюшат. Ичиңизге  батпай  калганына карабай,  төлөшкө  туура  келет. Алар өздөрүнө өзү  кожоюн, кер-мур  айтышканга  акыңыз  да  жок.  Муз  скульптурасынын  сарайында  шам-шум этип алууга ысык чай, кофе уюштурулган. Сарайдын  эки кабаттуу бийик  тепкичтерине  чыгып  алып, галереяга көз  чаптырсаңыз  да  болот. Ар бир көрүнүш, ар бир  эпизод, ар  бир образ  жомоктун  маңыз- маанисин эске салып, ой-дүйнөңүздү байытып, кыялый  сезимдериңизди оболотуп  тургансыйт… Бала  кезде  ой-дүйнөңдө  жашап, кийин көр  тириликтин көйгөйүнөн  чыга  албай калган биз, пенделерге  тазалыкты, аруулукту  эң  башкысы, адамгерчиликтин,  ыймандуулуктун айдыңына   жетелеп   кеткенсийт….

 Ризван  Исмаилова,  Ош-Стамбул-Швейцария-Бельгия-Германия