сот сыйлоо

Бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын 90 жылдык мааракесине карата Сотто көп жыл үзүрлүү эмгектенгендиги жана кесипкөйлүгү үчүн Ардак грамоталар жана медаль менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун «Ардак грамотасы» менен Жогорку Соттун аппарат кызматкерлери: Кемелова Жылдыз, Джумадылова Айнура, Тагаев Мелис, Акматов Нурлан, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин «Маараке медалы» менен Жогорку Соттун аппаратынын кадр бөлүмүнүн башчысы Манжиева Аида, Жогорку Соттун референти Туманбаев Улан сыйланып, о.э. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин «Ардак грамотасы» менен Жогорку Соттун кызматкерлери Садыкова Анара жана Асаналиева Чынара сыйланышты.

Сыйлыгыңыздар кут болсун!