бекмОсмонов

Бүгүн 5-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2-жолку чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө”  Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев мындай демилгени колдоп, 9 депутат кол коюп, сунуштап жатканын маалымдоо менен Б.Осмоновдун өмүр таржымалына кыскача токтолду. Уюштуруучулук жана жетекчилик зор талантка ээ болгон Б.Осмоновдун жетекчилиги менен Жалал-Абад, Ош облустарында көптөгөн социалдык-маданий обьектилер курулган. Миңдеген гектар жерлер өздөштүрүлүп, бир катар жумуш орундары түзүлгөн. Жогорку Кеңештин  эки жолку чакырылыштагы депутаты катары мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган бир катар мыйзамдардын демилгечиси болгону баса белгиленди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Б.Осмоновду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды деген маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Айзада Дүйшөнбаева