Жайыттарды сактап калуу, оптималдуу башкаруу максатында мыйзам долбоору 1-окууда каралды
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору(“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарга) бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеш жыйынында каралды.Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Мирлан Бакиров, Абдулатип Режавалиев, Акылбек Султанов, Бакыт Төрөбаев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Демилгечилердин бири М.Бакировдун айтымында, 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан тартып, жайыттан түшкөн каражаттарга көңүл бурулуп, жайытка болгон мамиле өзгөргөн. Бирок, аракеттеги мыйзам дагы да толуктоого муктаж. Себеби, малдын бүгүнкү күндөгү санына байлап эсептесек, жайыттан түшкөн каражат аздык кылат. “Андыктан бүгүнкү күндө 37% жайыт деградациялык абалда экенин эске алуу менен аларды сактап калуу, оптималдуу башкаруу, түшкөн каражатты ачык-айкын бөлүштүрүү, натыйжалуу жумшоо максатында мыйзам долбоору иштелип чыккан”,- дейт демилгечи. Сунушталган мыйзам жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке түшүрүү максатталган. Аракеттеги мыйзамдарда жергиликтүү бюджетке түшүүсү белгиленгени менен анын өлчөмү каралган эмес. Мындан сырткары, жайыттар деградацияга учураса, ага тиешелүү жактардын жоопкерчилиги каралууда.
Талкууда жайыттар административдик аймактын жанында жайгашса аны колдонуу тарифи жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталып, чечилери, жайыттарды пайдаланууда түшүүчү каражаттардын ачык-айкындуулугун айылдык кеңештер тарабынан да көзөмөлгө алынышы такталды. Депутат Кенжебек Бокоев жайыт комитеттерин бүгүнкү күндө эч ким текшере албастыгын айтып, аларды муниципиалдык мекеме формасына өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Дагы бир талашты жаратып жаткан жайыттардын чеги. Эл өкүлдөрү эки облустун, эки райондун ортосунда талаш болгон жайыттар бар экенин айтып, мыйзам долбооруна өз сунуштарын бермей болушту. Бул маселени бышыктап иштеп чыгууга тиешелүү тараптардын катышуусунда коомдук талкуу өткөрүү демилгеси дагы көтөрүлдү.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.


Комментарий кошуу