жайыт

Кыргызстанда 2014-жылы жайыттарды пайдалануудан 130  млн. сом чогулган.  Бул 2013-жылга салыштырганда 17%га көп. Ошол эле учурда жайыттарды пайдалануудан жер салыгы катары   17 млн. сом жергиликтүү бюджеттерге  түшкөн.  Кийинки жылдары жергиликтүү бюджетке жайыттардан  түшкөнт  каражаттын көлөмү өсүшү күтүлөт. Жогорку Кеңеш  14-январда  бул маселени караган  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда  добуш берүүгө жиберди. Ага ылайык жайыттардан түшкөн каражаттын 1/3 бөлүгүн  жергиликтүү бюджетке берүү сунушталат.

Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Бакировдун пикиринде жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражат  колдо болгон малдын башына эсептей келгенде аздык кылат.  “Бүгүнкү күндө 37%  жайыт деградацияга учураганын эске алуу менен аларды сактап калуу, оптималдуу башкаруу, түшкөн каражатты ачык-айкын бөлүштүрүү, натыйжалуу жумшоо максатында мыйзам долбоору иштелип чыккан”,- дейт ал. Белгилей кетсек,  азыркы иштеп жаткан  мыйзамдарда каражаттын жергиликтүү бюджетке түшүүсү белгиленгени менен анын өлчөмү каралган эмес. Ал эми мыйзамга жаңы өзгөртүүдө жайыттар деградацияга учураса, ага тиешелүү жактардын жоопкерчилиги каралган.

Бегим ТУРДАЛИЕВА