1-1

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо  киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам “Жарнак жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү жана атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Келишимдин 61-статьясына ылайык катышуучу-мамлекеттер катышуучу-мамлекеттердин жарандарынын кызыкчылыктарын чарба субьекттеринин  ак ниет эмес ишмердигинен коргоо үчүн бирдей  шарттарды калыптандырууга багытталган керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясат жүргүзүшөт.

Мыйзам  расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.