Жалал-Абадда электр энергиясы туура эмес эсептелип жатат деп билдиришти
Бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” аймактык башкармалыкта болуп өткөн жыйында талкууга алынган маанилүү маселе электр энергиясы болду. Тургундардын айтымында электр энергиясы туура эмес эсептелип жатат, айына 700 кВт саатка чейинки тариф 0.70 сом менен эсептелбей, андан аз 700 кВтка жетпеген тарифти 0.70 сом менен эсептеп көбүрөөк кВт сааты жогорку баада эсептелип жатат,- деп билдиришти. Ал эми Курманбек кичи шаарчасынын кварталдык комитетинин төрайымы Манзура Акушова мындай туура эмес эсептелүүлөр болсо укук коргоо органдарына кайрылабыз деген пикирин билдирди.
Бирок Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишканасынын жетекчиси Жаныбек Алимбековдун билдирүүсүндө 700 кВт саат 365 күнгө бөлүнүп, 12 айга көбөйтүлгөндөн кийинки сумма 23.014 кВт саат күнүнө эсептелет. Ал бир айга (30 күнгө) көбөйтүлүп, ошол чыккан кВт саат 0.70 сомдон эсептелип, ал эми андан ашканы 1.82 сомдон эсептелет. Ал эми туура эмес эсептелип жатат деп айтып жатышкандарга маалымат жеткиликтүү эмес. Кантип эсептелинерин түшүнбөгөндүктөн ошондой пикирге барып жатышат,-деп ал.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу


Комментарий кошуу