Коллегия- коллегия3- коллегия2- коллегия1- коллегия4-    Бүгүн, 3-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүндө 2014-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иштеринин жыйынтыгын чыгарган жана 2015-жылдагы аткарылуучу милдеттерди аныктаган коллегия олтурумунун жыйыны өтүп жатат деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Коллегиянын олтурумунун жыйыны Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиеванын төрайымдыгы алдында өтүп жатат.

Областтык коллегиясынын жыйынына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев катышууда. Жалал-Абад областында 2014-жылдагы социалдык-экономикалык иштердин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баяндама жасоодо.

Баяндамада айтылгандай 2014-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан  2 млрд. 715,3 млн. сом салыктар жыйналган. Мунун ичинен  республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктын планы 96,8 пайызга аткарылып, же 52 млн. 82 миң сом түшпөй калган. Мындан сырткары 13 млрд. 60,8 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Мындан сырткары 13 млрд. 54,5 млн. кВт саат электр энергиясы иштелип чыгылган. «Кыргызнефть» ААКсы тарабынан 68,6 миң тонна нефти жана 32,5 млн. м. куб көгүлтүр жаратылыш газы, ЖЧК «Майлуу-Суу лампа заводу» тарабынан 191,5 млн. даана электр лампалары чыгарылган.

Бүгүн  коллегия жыйыны аяктаган соң, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон, Ноокен райондорунун бир катар обьектилерди кыдырып,  таанышуусу күтүлүүдө.

Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу