отрав
 Ош облусунун Өзгөн районундагы Эркин-Тоо айылынын аймагында болгон жол кырсыгынан айылдын 25 жаштагы тургуну каза болду.

Бүгүн, 12-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, 9-январда саат 17:30 чамасында 32 жаштагы А.Ч. аттуу жергиликтүү тургун «Фольксваген Пассат» унаасын башкарып бара жатып, жөө жүргүнчүнүн жолунан ушул эле айылдын тургуну, 25 жаштагы К.Р. аттуу кызды сүзгөн.

Унаа сүзгөн кыз алган жаракаттарынын кесепетинен окуя болгон жерде каза болду. Унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилди, деп айтылат маалыматта.

Болжолдуу версия боюнча, кырсык учурунда айдоочу мас абалда болгон. Жолдо өтүп бара жаткан малдан качкан айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Учурда кырсыктын себеби иликтенип жатат.