Ысык-Көлдүн үлгүлүү, максаттуу мааракеси
7-8-ноябрь күндөрү көгүлтүр Көл кылаасынын борбору – Каракол шаарында коюн толгон кош кубаныч – Ысык-Көл облусунун уюшулгандыгынын – 75, Каракол шаарынын негизделгендигинин – 145 жылдык мааракелери салтанаттуу кырдаалда белгиленип, иш-чарага КР Президентинин аппарат жетекчиси Д.НАРЫМБАЕВ, КР вице-премьер-министри Э.САРИЕВА, КР ЖК айрым депутаттары, ошондой эле өлкөнүн бардык дубандарынан келген өкүлдөр катышты.
Кыргыз элинин тарыхында өзгөчө мааниге ээ Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынын күнүнө туш келген мааракелер алгач Түп районундагы Ой-Тал, Жети-Өгүз районундагы Барскоон жана Ырдык айылдарындагы облустук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган орто мектептердин ачылыш аземдери менен башталды.
Алгач дунган калкы отурукташып, кийин көп улуттуу айылга айланган Ырдык айылындагы Юсуф Хазрет атындагы орто мектебинде окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Мектеп 1911-жылы негизделип, анын имараты акыркы ирет 1960-жылы салынган. Айылдык 602 окуучу билим алган имарат буга чейин бир нече ирет капиталдык ремонттон өткөрүлгөнүнө карабастан, акыркы жылдары абалы аянычтуу абалга келип калган. Ошондуктан, сметалык наркы 29 000 000 сомду түзгөн 2 кабаттуу, 300 окуучулук орундуу, спортзалдуу мектептин жаңы имаратынын курулушу облустук өнүктүрүү фондусу тарабынан бөлүнгөн каражат аркылуу 2009-жылы башталган. Курулуштун аякталышы менен аталган фонд тарабынан бөлүнгөн 1 334 000 сомго эмеректер менен камсыздалган.
Д.Нарымбаев мектептин ачылышына байланыштуу КР Президентинин куттуктоосун окуп, 6 компьютерден турган белегин тапшырды. Э.Каптагаев, КР ЖК депутаттары Б.Сулейманов, Д.Ниязалиева жана М.Сабиров айылдык билим очогуна жакшы каалоо-тилектерин айтышты.
Э.Каптагаевдин маалыматы боюнча, ачылыш аземдери ушул эле күнү өтүп жаткан Түп районундагы Ой-Тал айылындагы Ш.Султанов атындагы (280 окуучулук орундуу), Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылындагы К.Чылабаев атындагы (360 окуучулук орундуу) орто мектептеринин курулуштарына жана аларды жаңы эмеректер менен жабдууга облустук өнүктүрүү фондусунан жалпысынан 118,1 млн. сомдук каражат бөлүнгөн.
Салтанаттын расмий бөлүгү облус борборундагы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык-драма театрында улантылып, меймандар театр фойесиндеги өрөөндүн өнүгүү жолуна арналган көргөзмө менен таанышып, документалдуу чакан фильмге күбө болушту.
КР вице-премьер-министри Э.Сариева, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Эл Баатыры Т.Акматов, КР ЖК депутаттары Д.Ниязалиева, М.Сабиров, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ж.Сейдакматова, белгилүү диктор Г.Молдоева жана ар кыл министрликтердин, облустар менен Ош шаарынан келген өкүлдөр куттуктоолорунда учурда барган сайын саясатташып бара жаткан коомдо эң негизгиси – улуттар, аймактар арасындагы өз ара бекем ынтымак гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыла тургандыгын баса белгилешти.
Эки күндүк майрамдык салтанат спорттук таймаштар, “Жети-Аке” кубогуна арналган Каракол ат майданындагы улуттук ат-спорт оюндары, калаа борборундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жармаңкеси, көңүл кушун көкөлөткөн ыр-күүлөр менен коштолуп, маңдай тер төккөн мээнеттүү эмгектери аркылуу эл оозуна алынгандар “Облустун ардактуу атуулу” наамдарына, Ардак грамоталарга, акчалай жана баалуу белектерге ээ болушту.
Ошентип, облустун жана Каракол шаарынын мааракелери ашыкча шаан-шөкөттөрсүз, маани-максаты кийинки муундар үчүн үлгү болуп кала тургандай алкакта өткөндүгү менен эсте калчудай…
Эгемберди САДАБАЕВ


Комментарий кошуу