Ысык-Көл: туруктуулуктун артынан өнүгүп-өсүү болду
1900-жылдан баштап Көлдүн жаштары билим алуу үчүн Москва, Санкт-Петербург, Баку, Ташкент, Алматыга чейин кетишкен. Мектептер Көлдө түптөлүп, алгачкы окумуштуулар, илимдин кандидаты докторлору, академиктер ушул жерден чыгышкан. Кечээки эле 50-60-жылдарда билим алган көлдүн жаштарына түштүк аймагыбызга барып мектептерде иштеп келүү милдети тагылган. Антпесе, дипломдору берилген эмес. Муну айтканыбыздын себеби, бүгүнкү күндө да Көл кылаасында мечиттерге караганда мектептердин көп салынып жаткандыгы буга далил. 7-ноябрда Ысык-Көл областынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата Түп, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда жаңы курулган мектептердин ачылыш салтанаты муну күбөлөп турат. Эми көл эли мектептерди куруудан сырткары ооруканаларды, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн, спортзалдарды курууга көп көңүл бурууда.
Ысык-Көл облусу башка жылдарга караганда быйыл маданий иш-чараларды өткөрүү жагынан алдыга озуп чыкты. Жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин жеке демилгеси менен “Ынтымак ордо” коому түзүлүп, жер-жерлерде тынчтыкты сактоо, элдин ынтымагын, биримдигин арттыруу чакырыктары көп көтөрүлдү. Муну биринчилерден болуп Ысык-Көл районунун аялдар кеңешинин жетекчиси Тилек Маткеримова колдоп чыгып, туристтик сезондун алдында “Энелер чыр-чатактарга каршы”, “Эне турган жер – бейиш”, “Аял ишкер – аял жар” деген ураан-чакырыктар менен Чолпон-Ата шаарында ынтымак форумун өткөрүп, энелердин кайрылуусун кабыл алды. Ал бир топ республикалык гезиттерге басылып чыкты. Ысык-Көл районунун аялдар кеңеши райондун баатыр, эмгеги менен элдин алкышына татыган айымдарына,”Кадырман эне” төш белгисин тагышты. Ошондон кийин бул чакырыктар Ысык-Көлдүн ар бир районуна, ар бир айыл өкмөтүнө эстафета катары өткөрүлүп, элди ынтымакка, эмгекчилдикке, билимдүү болууга, тартипке, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого түрткү берди. Мындай иш-чаралар Көлдөн чыккан жети акенин осуяттарын, жаштарга үлгү болчу акылман сөздөрүн жайылтуу менен коштолду. Массалык түрдө өткөн мындай иш-чаралардан улам Ысык-Көлдө быйыл жол тосуулар, араздашуулар, түшүнбөстүктөр болгон жок.
Туруктуулук турган жерде өнүгүп-өсүү болоорун Ысык-Көлдө өткөн бир канча жүздөгөн маданий, социалдык, экономикалык иш-чаралар айкындады. Анын бири – дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү. Бир жумага созулган бул тойго 10 миңден ашык адам катышып, демейдегиден көп чет өлкөлүк коноктордун келгендиги, көчмөндөрдүн салттуу спорт оюндарын Кыргызстан биринчи болуп дүйнөгө көрсөтө алганы менен даңкталды. Көчмөндөр оюнунун бир күнү Садыр акенин мааракесин өткөрүү, анын эстелигин ачуу менен коштолду. Андан кийин эле Казы Дыйканбаевдин 100, Калыбек Каракеевдин 100 жылдыктары, жазуучу Зуура Сооронбаеванын 90, манасчы Каба Атабековдун 90 жылдыктары белгиленди. Ысык-Көлдө бүт Кыргызстандын манасчылары чогулуп, 7 күн Манас айтышты. Ортодо Тилекмат аке менен Сарт акени эскерүү иш-чаралары болуп өттү. “Көлдөн чыккан жети аке” китеби жарыкка чыкты. Эми жылды жыйынтыктай, Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарынын 145 жылдыгы белгиленгени турат.
Жакшылыкка үндөө, жакшы кабарды жар салуу менен коштолгон мындай иш аракеттерден улам Ысык-Көлгө келген туристтердин саны да жылдагыдан көп болду. Өзгөчө алыскы чет өлкөдөн келип жаткандардын саны көбөйүп баратканын байкадык. Эс алуучу жайлардын архитектуралык жактан кооз, заманбап салынып жатышы алыскы, жакынкы конокторду өзүнө тартууда. Туристтерди тартуу үчүн маданияттуу тейлөө жолго коюлууда. Конокторду сыйлоо жагынан Ысык-Көл району алдына киши чыгарбаса керек. Конок тосуп жаткан адамдарга да, конокторго да эң биринчи тынчтык, күлүп-жайноо, сылык мамиле керек. Мына ушул жол адамдарды байгерчиликке жетелейт. Көлдүн элин багып жаткан туризм тармагы. Андыктан Көлдүн алтынынан биринчи алтындай болгон Көлдүн өзүн сактоо керек деген сөздөр көп айтылууда. Мындан сырткары, Көлдүн жер-жемиштерине тамшанбаган адам жок. Жайында Тоң районунда карагат фестивалы да өткөрүлдү.
Кыскасы, тынчтык, ынтымак, биримдик, кол кармашуу турган жерде өнүгүп-өсүү болоорун көрдүк. Кут түшкөн Ысык-Көл областынын маараке тойлорун куттуктап, биз дагы оюбузду ортого салалы дедик.
Сымбат Максутова


Комментарий кошуу