Вице-спикери Н.Нарматова Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин интеллектуалдык өнүктүрүү мектеби окуу долбоорунун студенттери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Надира Нарматова Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин интеллектуалдык өнүктүрүү мектеби окуу долбоорунун студенттери менен жолугушту.
Жолугушууда вице-спикер Н.Нарматова Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен фракцияларынын ишмердүүлүгү, мыйзам кабыл алуу процессинин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Студенттер өз кезегинде жер-жерлердеги мектеп окуучуларынын татыктуу билим алуусу, өсүп-өнүгүүдө кесипкөй, тажрыйбалуу кадрлардын орду жана алардын бүгүнкү күндө жетишсиздиги, калктын аялуу катмарыныны муктаждыктары жөнүндө маселелердин чечилишинде эл өкүлүнүн пикирин угуп, жоопторго канааттанышты.
Н.Нарматова аталган маселелерде мыйзам чыгаруу органы четте калбай, тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү демилгелөө менен алардын чечилишине өбөлгө-шарт түзүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Соңунда студенттер Жогорку Кенештин ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба топтоого, интеллектуалдык деңгээлин жогорулашына мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн депутатка ыраазычылык баракчасын тапшырышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу