тоноо

Кечээ ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү Башкы башкармалыгынын начальниги Мирлан Каниметов, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Адилбек Ботобаев, тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Уметалиев журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, жылдын жыйынтыгын чыгарышты.

Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын берген маалыматы боюнча 2014-жылы ар кандай оор кылмыштарга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун 190 мүчөсү кармалган. Алардын ичинен 82си К.Көлбаевдин, үчөө А.Бокушевдин, жетөө Батукаевдин, тогузу М.Абакировдун тобуна тиешелүү экени аныкталган жана ар кандай кылмыштуу топтордун 89 мүчөсү кармалып, жоопко тартылууда. Бул кылмыштуу топтордон 6 курал-жарак, 2 граната, жардыргыч зат, 112 даана ок-дары тартылып алынган. Криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн 31 кг. 560 гр. баңгизаты алынган. Азыркы убакта уюшкан кылмыштуу топтун 14 адамы издөөдө. Ал эми коррупция боюнча 35 кылмыштын бети ачылган. Мамлекеттик кызматчылардан 25 адам кылмыш жазасына тартылган.

2014-жылы кылмыш иликтөө багытында 17863 кылмыш иши катталып, анын ичинен 12864 кылмыштын бети ачылган, ал 72,0%ды түзгөн. Көңүл чордонунда турган иш – Ош аэропортунан уурдалган 5 млн. доллар. Аны карактап качкан адамдар кармалган, кылмыштын бети жакында ачылат.

 Сымбат МАКСУТОВА