Ушул жылы укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катыштыгы бар баңгизат коррупциялык 5 факты аныкталды
1-декабрда ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин отурумунда, баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Алымбай Султанов, 2014-жылдын башынан бери, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катыштыгы бар баңгизат коррупциялык 5 факты аныкталгадыгын кабарлады.
Анын айтымында, аталган кылмыштарга катыштыгы бар деген шек менен КР укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн 5 кызматкери кармалган. «Алынган баңги заттардын жалпы салмагы 3 кг 802 граммды түзөт»,- деди ал.
Булак : Баракелде
Комментарий кошуу