Унаа жолу толук ачылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагында 2014-жылдын7-8-декабрында жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен Кыз-Көл айыл аймагынын балансындагы Кашка-Терек-Кызыл-Кыя ички чарбалык жолу кар күрткүлөрүнө толуп, унаа жолу жабылган.
Тазалоо иштерин КР ӨКМнен 1 бульдозер жүргүзүүдө.
Ош облусу: 2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна атайын буйрук чыкканга чейин чектөө киргизилди.
Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагында 2014-жылдын 24-25-ноябрында 1-1,2 метрге чейин жааган кардын кесепетинен Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жол каттамы жабылып, электр чубалгылары үзүлгөн.
2014-жылдын 13-декабрында райондук электр тармактар ишканасытарабынан электр чубалгылары калыбына келтирилип, электр энергиясы берилди.
Ал эми карды тазалоо иштерин жеке менчик бульдозер жүргүзүп, 2014-жылдын 14-декабрында унаа жолу толук ачылды.


Комментарий кошуу