Терракт уюштурабыз деген топ жана шейит болууга даярданган лидер абакка отургузулду
УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы Өзбекстанды мелжеп, Анжиян менен Ташкент шаарларында жардыруу уюштурууну пландаган террордук топту кармады.
УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы 2014-жылы Кыргызстанда жана Өзбекстанда бир нече жардырууларды уюштурууну пландаган террористтик топту кармаган. Алгач, топтун лидери, өзүн шейиттикке алдын-ала даярдап келген 22 жаштагы Адахам Раимжанов колго түшүрүлгөн.
УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын маалыматында, Раимжанов — афган-пакистан аймагында даярдыктан өткөн, 2010-жылы Пакистан аймагында Өзбекстан Ислам кыймылынын (ӨИК) катарында согушуп, алдыңкы чабуул жасоочу топто жүргөн, тажрыйбалуу согушкер. Кармалган топтун ичиндеги идеялык жагынан абдан берилген жана даярдыгы күчтүү террорчулардын бири. Ал УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциясынын негизинде былтыр колго түшүрүлгөн.
Булак: Sputnik.



Комментарий кошуу