Тармактык комитеттин төрагасы К.Осмоналиев: “Балдардын укугун коргоодо ата-эненин, мугалимдин, коомчулуктун жоопкерчилигин биринчи орунга коюу керек”
18-февралда Жогорку Кеңеште балдардын укуктарынын корголушу жаатында “Жеке кол тийбестикке балдардын укугун жүзөгө ашыруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Азыркы күндө балдардын зордук-зомбулукка кабылып жаткандыгы боюнча Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев көз карашы менен бөлүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Комитет төрагасы К.Осмоналиев балдарга болгон зордук-зомбулук Кыргызстанга чоң көйгөйгө айлангандыгын айтып, кыргыз элинин руханий баалуулуктарын, салт-санаасын эске алсак, атам замандан бери мындай окуялар болбогондугун билдирди. Мунун себептери катары депутат К.Осмоналиев келип-келип эле акыркы 20 жылдагы кыргыз элибиздин руханий баалуулуктары өзгөрүп бара жаткандыгынан болуп жаткандыгына токтолду. Айтымында, азыр кайгылуу окуялардын натыйжасы менен эле күрөш жүрүп жатат. “Байлык биринчи орунга коюлуп, мамлекеттин өсүп-өнүгүшү дагы акча, байлык менен өлчөнүп калгандай. Мектептердеги эң башкы баалуулук сапаттуу билим албай эле, балдар кийген кийимин же кандайдыр бир өзгөчөлүгүн көрсөтүү, ал эми мектептин ата-энелер менен байланышында баланын окуудагы жетишкендиги формалдуу эле болуп, негизинен баланын ата-энеси мектепке кандай колдоо көрсөтүп жаткандыгы көрсөткүч болуп калды. Натыйжада балдардын ортосундагы жикке бөлүнүүчүлүккө алып келүүдө. Муну көрүп туруп эле системалуу иш алпарбай, келип эле күч органдарына шылтап коюп жатабыз”,- дейт комитет төрагасы.
Ал эми акыркы кездерде, тилекке каршы, көп кездеше баштаган балдардын зордук-зомбулукка кабылышына жол бербөө үчүн ар бир ата-эненин, мугалимдин жана коомчулуктун милдетин, жоопкерчилигин биринчи орунга коюу керектигин К.Осмоналиев баса белгиледи. Ошону менен катар чет жерге иштөөгө чыкса дагы балдарын өздөрү менен алып жүрүүгө аракеттениши зарылдыгын, чет өлкөлөрдө дагы балдары менен барган эмгек мигранттарына шарттар түзүлө баштаганын кошумчалап, бала үчүн эч убакта ата-энеден өткөн күйүмдүү адам болбостугун билдирди.
Баштапкы кесиби мугалим болгон К.Осмоналиев мурда мугалим деген бул баланы адам кылып калыптандырган адам рухунун инженери деп баалангандыгын, ал кезде мугалимге болгон талап өтө катуу болгондугун, ошол эле маалда мугалим үчүн дагы баланын жетишкендиги башкы көрсөткүч болуп саналгандыгын, мугалимдин психикалык, моралдык, материалдык жагынан баардыгы бийлик аркылуу көзөмөлдөнүп тургандыгын эске салды. Азыркы тапта мындай болбой жаткандыктан улам, коомчулук терс натыйжаларга туш болуп жаткандыгын чечмелеп берди.


Комментарий кошуу