Сымбат

Тешик сеткадагы “Русская водкалар”

Өмүрүмдөгү эң урунттуу, эң таттуу учур – балалыгым болду. Биздин балалык Советтер Союзунун акыркы 10-15-жылын ичине камтыды. Сексенинчи жылдардын ичи балалыгымдын бал ширин учуру эле. Ошол кезде үйдө төрт кыз бар болчубуз. Улуу эжелерим турмушка чыккан, бир агамды армиядан кийин таэнемдер колуна алып, бир агам шаарда жашачу. Удаа төрөлгөн төрт кыз үй жумуштарынын баарын аткарчубуз. Мен болсо эркек болууну самачумун, көйнөк кийбей ыйлачумун. Узун көйнөк кийгизип койсо “мени кыз кылбагыла, баары бир кыз болбойм” деп көйнөктүн этегин шымымдын ичине ныгырчумун. Атам мектепте мугалим, апам бала-бакчада тарбиячы болчу. Огородубуздун нары жагы 9 га алма багы, андан өйдөрөөгү саз болчу. Саздын наркы этегинде мүрзө турчу. Х1Х кылымдын 1860-жылдарынан баштап тынбай келе баштаган орустар ХХ кылымда Ысык-Көлдө биротоло өз таасирин тийгизип турган кез экен азыр ойлосом. Ар бир дүкөндө “Русская водка” суудай агылчу. Арактардын башкача аталаарын билбептирбиз, бир эле ушул арак өтүмдүү болчу. Ыраматылык атам жумуштан келгенден кийин же дем алыш күндөрү алма бакта кошунасы Ашым ата менен эң даамдуу ак алмалардын сыртын макиси менен аарчып отуруп, ойноп жүргөн мени чакырып, апамдан каткан 5с.30 тыйынын берип, аракка жумшачу. Ал кезде азыркыдай пакеттер жок, жиптен токулган сеткалар болчу, эмне көтөрүп келатканыңдын баары көрүнүп турчу. Тешик сеткага “Русская водканы” көтөрүп келчүмүн. Алар шашпай сүйлөшүп отуруп арагына алманы закуска кылышчу. Ошондогу беш кыры бар сары алмаларды азыр негедир эч жерден көрбөйм. Эркек болууну самагандыктан чачымды да тасырайтып кырдырып алчумун. Эркектер кечкисин мал тозгончо теп биздин үйдүн жанына келип, сүйлөшүп калышканда Зарлык атага чуркап барып, чачымды шыпырып салуусун суранчумун. Ал куруна байлап алган устарасын алып чыгып, шылдырап агып жаткан суудан кочуштап алып чачымды суулап, кырып салчу. Кошуна Ашым атанын аялы Кишим апа болчу. Тентек балдар алардын жанынан өткөн сайын “ичим ий, Кишим, тишим ий Кишим”, “башым ий, Ашым” деп ооруп аткан кишидей болуп, тийише берчүбүз. Бир айтып бир койбой, аларды көргөн сайын ушул сөздөрдү айтып, ичибизди же тишибизди же башыбызды басып калаар элек. Өйдөкү көчөдө Койчукен ата да жашачу. Аны да “баланча антип койчу экен, түкүнчө тигинтип койчу экен” деп сүйлөнүп өтчүбүз. Жарыктык кишилер, биздин ал кылыгыбызга эчтеке деп унчугушчу эмес.

Оля, Толя, Коля аттуу козуларым – жакын досторум

Саздын жээги менен алма бактын ортосунан шаркырап чоң суу агат. Үйдө жалаң кыздар болгондуктан эркектин ишин аткарып, мал багуу менин милдетим. Жалпы койлордун кезүүсүн, анан үйдө калган козуларды кайтарчумун. Бир күнү козуларды кайтарып жүрсөм, жардын түбүнөн аккан сууга бир арык козу аттайм деп төмөн кулап кетип, суу менен агып жөнөдү. Мен чымылдап, жардан ылдый түшүп, суу жээктеп чуркап баратам, колумду сунуп коем же жетпейм. Ал адамча жалооруй тиктей агып эле баратат. Сууга боюмду таштайын дейм, корком. Акыры баягы козу бир бутакка илинип, жээкте туруп калды. Чуркап барып тартып алдым. Байкуш козу суудан чыгып эс алгандан кийин мени энесиндей ээрчип алды. Ошол күндөн баштап кайда барсам ээрчичү болду. Менде ошондон баштап малга деле адамча мамиле жасаса болот турбайбы деген ой келди. Кайтарган козуларыма, торпокторума, итиме сүйлөп, кол менен жаңсап түшүндүрүп, эркелетип же урушчу болдум. Кечкисин жем жебей жаткан козуларды нары түртүп, өзүм жеп жаткандай аштоого колумду салып кытыратчумун. Ошондо жебей жаткан козулар мени түртүп, жемди талашып жеп киришчү. Козуларыма Оля, Толя, Коля деген аттарды коюп алчумун. Аларды түшкүсүн сугарыш керек болгондо аттарын атап эле кыйкырып койсом, жарышкан бойдон чуркап келишчү.

Актерлордой сүйрөлгөндө…

Бизде бир шукшуңдаган кунаажын бар болчу. Күндө кезүүдөн келатканда тосуп турган мени алыстан көрүп, качып жөнөчү. Аны тосом деп уйларды аралап жүрүп, канча уй мени сүзгүлөп кетчү. Кечке аны издеп жүрүп, түнкүсүн араң алып келчүмүн. Бир күнү анын кылыгы катуу жанга баткандыктан, эч жакка кое бербей эрте алып келем дедим да катуу качып бараткан уйдун куйругуна жармашып алдым. Аны менен кошо жарышып катуу чуркап баратып, жыгылып кеттим. Ошондо да колумду куйругунан кое бербей сүйрөлүп кете бердим. Кийин ойлосом, кинодо атка сүйрөлгөн актерлордой эле болуптурмун. Акыры уйдун эси ооду, тык эле токтоп калды. Экөөбүз тиктешкен бойдон туруп алып энтигип дем алып жатабыз. Менден кутулбасын билди окшойт, жоошуп үйдү көздөй басып берди. Аны үйгө эрте жарыкта алып келгениме бир кубансам, колу-буттарым тытылганын көрүп ыйлагым келди. Короого киргизгенден кийин кылыгын айтып урушуп атам, урушуп атам, акыры таяк менен бир катуу чаап алдым. Күнөөсүн сезгендей башын жерге салаңдатып калды. Дагы бир күнү ал кунаажын карды ток туруп эле мөңкүп качты. Аркасынан кубалап барып таппай калдым. Караңгы кирип кеткен. Издеп жүрсөм апам келип калды. “Эмне аны кайдан табабыз?”, – деп зээни кейиди. “Мен аны билем, ал мүрзөгө кирди, азыр айдап чыгам” деп эле жөнөп кеттим. Апам коркуп, ошол жерде тура берди. Мүрзөнү аралап жүрүп топ этип улам ылдый түшүп кетем, кайра чыгам, кайра түшүп кетем, ошентип жүрүп, уйду таап айдап келдим. Кийин ойлосом, адамдар көмүлүп үстү топурак, асты көңдөй болгон жерлерди басып алып кулап кетип, кайра чыгып жүргөн турбаймынбы.

Ошол уй шукшуңдап жүрүп кийин жардан кулап өлдү. Өкүнгөн жокмун, кубанып да кетпедим.

Бакалардын бакалооруна кептелип

Бир күнү кечинде козу кайтарып жүрүп үйгө келсем, колонкадан суу акпай, үйдө ичээрге суу жок калыптыр. Апам үйдөн чыкпаган кыздарына айтса деле, алар суу алып келиштен коркуп отурушуптур. Суу чыкпай калганда саздын этегиндеги кудуктан алчубуз. Күүгүм кирип калганына карабай эки чаканы көтөрүп алып сазга жөнөдүм. Кудукка мына жетип суу алайын дегенде карасам толтура бакалар секирип келатышат. Тимеле жер жайнайт, басаарга жер жок. Айлана-тегерегимдин баары эле чуру-чуу, бакалардын үнүнө толуп чыкты. Каттым да калдым. Саздан чыккан бакалар бутумдун түбүнөн өтүп, миң сандап айылды көздөй баратышат. Эңкейсем, кудуктун ичи да толтура бака. Эки жагымды карасам бир адам жок, суу алганы айылдан эч ким кудукка келбептир. Канча турдум билбейм, бир убакта өзүмө-өзүм дем бериш үчүн катуу кыйкырдым да аттап-буттап, бош чакаларымды калдыратып секирип жөнөдүм. Бакырып келатып бир-экөөсүн балчайтып басып алдым окшойт. Ошентип, суу албай үйгө келдим.

Биз сазга ойноп жүргөн учурларда боз бакалардан сырткары кызыл бакаларды да көрчүбүз. Байчечекей гүлүн теребиз деп барып, саздагы майда суулардын жээгинде үстү үч кырдуу кыпкызыл бакалардын отурганын көргөндө колубузду акырын тартып алчубуз. Мектепте химиядан сабак берген Гүлсана эже бакаларды сойдуруп, практика өтчү. Санитардык милдетти аткарган ошол миңдеген бакалардын азыр кайда? Эгемендик алганы кытайлардын келиши менен бакалар кафе-ресторандарга тамак катары терилип, жок болду окшойт.

“Ленин орус эмес!”

Союз кезинде Көлдүн эли өзгөчө орусташып кеткенин кийин, башка областтарга чыкканда салыштырып билдим. Х1Х кылымда эле алгач Ысык-Көлгө келген орустар биздин областта көбүрөөк жашаган экен. Орустардын таасиринен улам ата-энем атеист болушту. Биздин үйдү айылдагы уста орус Ваня салышкан. Ал кезде марксизм менен ленинизмдин осуяттарын, Маркстын “дин – башты айланткан апийим”, Лениндин “кудай жок” деген сөздөрүн окутушчу. Ушундай саясаттан улам бала чакта кыргыздын тарыхын окубай чоңойдук. Эсимде калганы – Россияда болгон дүйнөлүк 1-2-согуштар, Маркс, Энгельс, Лениндин осуяттары, алардын бири-бирине жазышкан каттары, бала чактары, КПССтин сьезддери, анда каралган маселелер, ак падышанын тактан кулашы, социализмдин курулушу болду. Атам тарыхтан сабак берсе дагы бизге, өз үй-бүлөсүнө нагыз кыргыздын тарыхын окуткан эмес. Атасы Максүт өмүр бою болуш болуп жүрүп, Сибирге репрессияланып кетип, келбей калган. Балдары тестиер кезинде апасы кайтыш болгон. Ошентип, ар кимдин колунда жетим чоңоюшкан. Чоңоюп, пединститутка өтөөрдө маңкурт мугалимдердин “атам эл душманы деп айтсаң өткөрөбүз” деген талаптарынан жана советтик системанын саясатынан көп нерсени айтуудан корккону билинип турчу. Ошол бала чакта: “ата, кудай барбы?” десем, жооп бергенден тайсалдачу.

Бир күнү эжем мага “Ленин орус экен” десе болобу? Оозум ачылып эле калды. Биз сүйгөн, күнү-түнү окуган, бизге азаттыкты алып берген Ленин атабыз кантип эле орус болуп калсын? – Калп айтпа! – дедим бакырып. Эжем менин көзүмө тимеле душманымдай көрүндү. – Ишенбесең, жүрү атамдан сурайбыз, – деди. – Жүрү, деп атама бардык. Атам дагы ага кошулуп, “Лениндин улуту орус” деди. Ошондо уккан кулагыма ишенбей, өпкө-өпкөмө батпай катуу ыйладым. Көрсө биздин мээбизге, жүрөгүбүзгө Ленинди абдан сиңиришкен экен. Биздин үйдүн китеп текчесинде Ульяновдун бала чагы турчу, аны окуп алып абдан сыймыктанчумун. Үйдө Маркстын, Лениндин том-том китептери катар-катар тизилип турчу. Аларды окубай коюу мүмкүн эмес болчу, аларды кийин мектептен эмес, унверситеттен да көп окудук.

Корккондон чокунуу. Траур музыкасынын коштоосу

Биз бала чакта күнөө кылып же бир жерден кечигип калсак үйгө орустардай чокунуп кирчүбүз. Айылдагы аты чыккан белгилүү адамдардын көзү өтсө мүрзөгө орустардай коюшчу. Өлгөн адам табытка салынып, сөөктү 4-6 адам алмашып көтөрүшүп, артынан 15-20дай аскердей кийинген адамдар, орус солдаттары орустардын траур музыкасын чертип өтүшчү. Анын артынан баш кийимдерин колуна алган айылдык эркектер самсып, жөө жөнөшчү. Биз, балдар, андан коркуп, көрүнбөөгө аракет кылып, дарбазанын жыртык-тешигинен карап турчубуз. Айрым үйлөрдө куран да окутулбай, арак суудай төгүлчү. “Русская водка” совет элинин негизги тамагы болуп, эң пайдалуу тармак катары Москванын чөнтөгүн калың толтурчу экен. “Бардыгы бирөө үчүн, бирөө бардыгы үчүн” деген Лениндин урааны менен эч ким байып кетүүгө умтулчу эмес, компартия турганда эч ким жакыр да болгон эмес. Аракты ичип бардыгы коймаарек эле жашай беришчү. Бирок, орус эли чынчыл, эмгекчил эл. Бирөөгө карасанатайлык мамиле кылышканын көргөн, уккан да жокпуз. Аралашып, ынтымактуу жашачубуз. Бирок, эгемендик келгенден кийин алар биздин айылдан көчүп кетишти.

 Акылдуу сулуу, Ольга Кацуба эжей

Бизди мектепте Ольга Михайловна Кацуба деген эжейибиз коңшу Тамчы айылынан келип окутуп калды. Кээде автобус менен келет, кээде күйөөсү мотоцикл менен алып келип, алып кетет. Баарыбызга башка мугалимдер бир тең, ошол эжей бир тең болчу. Анын сулуулугу, кийингени, таланты, эмгекчилдиги бизди арбап алчу. Бизге англис, орус тилдеринен сабак берчү. Ошол учурда анын колунан окуган окуучулардын баары англис тилинен жакшы окудук. Англисче ырларды обону менен үйгө чейин ырдап барчубуз. Бизди орус адабиятына сугарды. Сүрөтчү да болчу. Пушкин, Гоголь, Лермонтов, Толстой, Чеховдордун сүрөттөрүн портрет кылып тартып, классына илип койчу. Музыкант да болчу. Фортепианодон классикалык музыкаларды – Шопендин, Шекспирдин өлбөс эмгектерин чертип берчү. Бизге үйрөткөн орусча, англисче ырларынын баарын пианинодо чертип, ырдатчу. Ал иштеп турганда мектепке баруу майрам болчу. Ар тараптуу таланттуу эжейдин биз чоңоюп калганда мектептен өз айылына иштеп кеткени абдан өкүндүргөн. Ал азыр Бишкекте жашайт.

Пачка-пачка акчалар

Бала чакта абдан тентек, бирок чынчыл, бетке айтма, өжөр болчумун. Бир күнү өйдөкү көчөдө жүрсөм, жолдун ортосунда пачка-пачка акча жатат. Акчаларды салган баштыгы да жерде экен. Акчаларды ага шыкап салып эле почточу Акинди издеп жөнөдүм. Менде акча бар экенин эч кимге айтпай, көчөмө-көчө издеп жүрүп аны таап, баштыгын колуна карматтым. Өңү бопбоз болуп турган экен, сүйүнгөнүн да билген жокмун, артка чуркап кеттим. Бала чакта бирөөдөн акча алуу, акча суроо мага жат көрүнчү. Эч качан акчага азгырылган жокмун. Огороддогу өрүктөр ошондо мендей жаш болгон го, бадырайып алмадай чоң болуп бышчу. Апам өрүктөрдү терип, чакаларга салып бергенде эки чоң чака өрүктү велосипедиме илип алып, 2 чакырым алыс жолдун жээгине алып барып, бат эле сатып келчүмүн. Бир күндө 5-6 жолу өрүк сатып кетсем эртеден кечке отурган кемпир-кесектер таң калып эле карап калышчу. Ошол өрүктөрдүн акчаларын апама бергениме бактылуу болчумун. Андан бир тыйын алып калуу оюма да келчү эмес. Кичинемде “Школьник”, андан кийин “Орленок”, андан чоңойгондо “Урал” деген велосипеддерим болду. Эсимде, мен бала чагымда көзүм ооруп калды. Айылда абдан мээримдүү Валя деген орус врач бар болчу, апам ага көргөзүп, көзүмө дары куюшчу. Дарыны көзүмө куйдурбай качканда велосипед сатып берип алдап, куюшчу. Ошондон кийин жалаң велосидеп тээп чоңойдум. Очки тагынып жүрүп, кийин көзүм жакшы айыкканда таштадым. Азыр эми өзүм кыздуу болгондо бала чагымды эстеп, ага велосидеп алып берсем, теппейт. Ролик, снейк дешет.

Маймылдай секирип маашырланганда

Айылдын башындагы суу аккан жарлардын жээгине мажүрүм талдар жыш өсчү. Тентектигимен ошол дүпүйгөн мажүрүм талдарга чыкчумун да самсаалаган бутактарын кармап ылдый салаңдаган боюнча күүлөнүп, экинчи мажүрүм бакка секирчүмүн. Андан күүлөнүп үчүнчүсүнө, төртүнчүсүнө, бешинчисине маймылдай секирип маашырланчумун. Жер менен эмес, бак менен бир топ жерге келгениме сыймыктанып калчумун. Балдар болуп жардын башына чыгып алып, төмөн жагында аккан сууга түшүп калбай, секирип өтүп жарышчубуз. Азыр ойлосом, кудай өзү сактап жүргөн экен.

“Өлтүрөм деген, өлтүргөн тура”

Малды мен карагандыктан атам дайыма кой союп жатып “мына, мунусу да семиз чыкты, менин кызым баккан да” деп мактап койчу. Бир күнү 3-4 айыл ары жашаган таэнем ата-энемди чакырып калды. Экөө жасанып кетип баратса мен да ээрчидим. “Сен кетсең, козуларды ким карайт?”,- дешти. Жиним шакардай кайнап, “козуңду өлтүрөмүн” деп кыйкырдым. Унчукпай дарбазаны жаап кетип калышты. Кечке жуук козулар беде жеп, ичтери көөп чыгыптыр. Эсим чыгып, аларды кубалай баштадым. Ары-бери кубаласам да болбой, бир убакта мен жакшы көргөн күрөң козу кулап түштү. Чабалактап абдан кыйналды, башынан өйдө тартсам да тура албай койду. Эмне кылаарды билбей, кошуна Аман абага чуркап барып, козунун ичи көөп жатканын айттым. Ал макисин алып келип, козуну беседкага жаткырып туруп мууздап салып, кетип калды. Калган козуларды жаткырбай кубалап жүрүп аман алып калдым. Бир убакта апам менен атам көчөдөн кирип келип эле беседкада мууздалып жаткан козуну көрүштү. “Өлтүрөм деген, өлтүргөн тура” деп апам кыйкырганда эле тызылдап качып кеттим. Ошондо оозумдан чыккандай эле бир козунун өлүп калганына таң калгам.

Өлгөн бука, тууган эшек

Айылыбызда колхоздун букасы бар болчу. Ал кайда кааласа жалгыз оттоп жүрө берчү. Бир күнү кой кайтарып, алма бакта жүргөм. Ары жакта ошол буркуйган бука оттоп турган. Бир убакта эле ал башын көтөрүп мени тиктеди. Аны көрүп менин жүрөгүм шуу этип, коркконумдан алма бактын башына чыгып кеттим. Ал менден көзүн албай койду. Кабагы бүркөлүп, көзү кызарып чыкты. Ушундай бир коркунучтуу тиктеп тура берди. Ичимден “жинденип жаткан турбайбы, азыр катуу келип мени сүзсө бак-сагым менен кулап түшөм го”, – деп качып кеткенден коркуп, бакты бекем кучактадым. Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир убакта эле мени сүзөт го деген бука турган жеринде эле көзү аңтарылып кулап түштү. Алма бакка ооп түшкөндүктөн, дүпүйгөн алма бак качырап барып, сынып калды. Бактын башынан кантип секирип түшкөнүмдү билбейм, тызылдап чуркап барып кошуна Аман абага айттым. Ал баягысындай макисин алып келип, кошуна адамдар менен мууздап салышты.

Дагы бир жолу ошол алма бакта жүрсөм эшек мени тиктеп калса болобу? Мен дагы аны тиктеп корко баштадым. Бул дагы баягы букадай өлгөн аткан турбайбы деп чымылдап чуркагыча чын эле ал жерге кулап түшпөдүбү. Аман абанын үйүнө чуркап барып эле “эшек өлгөнү жатат” деп кыйкырдым. Экөөбүз чуркап келсек, эшек өлбөй эле кодолек тууп коюптур.

Балдай ширин балалык кезим, тентектигим 13 жашымда жүрөктөн операция болуп, кан буугандай токтолду. Фрунзедеги жүрөк ооруканасында 1,5 ай жатып келгенден кийин таптакыр башкача кыз болуп калдым. Баягыдай мал кайтарбай калдым. Мүнөзүм түнт тартып кетти. Бир жылдын ичинде китеп текчесиндеги китептердин баарын окуп салдым. Ошондон кийин сүрөт тартып, ыр жаза баштадым. Ошол кезде жазылып алып “Советтик Кыргызстан”, “Ленин жаш” гезиттерин, “Эл агартуу”, “Байчечекей”, “Ала Тоо” журналдарын окучубуз. Почточу Акиндин велосипедине гезит-журнал жүктөгөн карааны алыстан көрүнгөндө эле утурлап отуруп, атамдан биринчи алганга шашчумун. Андагы жаңылыктарды, чыгармаларды, дүйнөдөгү кызыктуу окуяларды баса калып окучумун. Менин андай “маалыматтуу” болуп жүргөнүмдү байкашкан окшойт, бир күнү мектептин директору Бакил агай мени мектепте саясий сектордун башчысы кылып койду. Аны өткөрүш үчүн күндө кечинде даярданам. Ошол учурда кыргыз телевидениесинин кечки жаңылыктарын Жамгырбек Бөкөшов алып барчу. Аны кечке тиктеп отуруп, айткандарын жазып алчумун. Гезит-журналдардан акыркы маалыматтарды топточумун. Эртеси түштө, сабактар бүтүп калган маалда, бир класска топтолгон чоң класстардын окуучуларына өлкөдөгү, дүйнөдөгү жаңылыктардан айтып берчүмүн. Көрсө, ошондо эле мен журналисттик вазийпамды баштаган экенмин.

Сымбат Максутова

 

Бир үзүм ойлор

 

Кыргызстан эгемендик алган 20 жылдын ичинде канча адамдар үй-жайын, балдарын таштап Россияга иштөө үчүн кетишти. Канча адам коркуп, зыркырап, бирөөнүн жеринде көз каранды болуп жүрүп акча таап жатышат. Ош шаарында базарды аралап баратсам, бир киши соода кылып отурган тестиер баладан “Апаң Москвадабы?” деп сурап калганын кулагым чалды. Баланы жалт карасам, ыраңы өчө, ошол суроону уккусу келбегендей бир үшкүрдү да башын ийкей жер карап калды. Секундчалык көз ирмемде калган көрүнүш: баланын эне мээримине зар болуп турганы, сагынычтан куса болгону, балалык баео сезими менен эркелей албай, жылдардын жагымсыз өтүп жатканы, башкалардан кодуланганы, баарын, баарын анын көзүнөн көрүүгө үлгүрдүм. Өз жарандарын бага албай калган өлкөдө жашоо кандай оор болуп жатканын ошол кичине баланын көзүнөн көрүп, денем чыйрыгып кетти. Москва болсо аркы эле айылдай айтылганына таң калдым.

Ххх

Журналист болом деп ак эткенден так этип келген жаш бала мыкты журналисттердин арасында урду-сокту, чала-чарпыт бирдемелерди чүргөй жазып, аны мыкты оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүп, публикага чыгарып койгондон кийин аты чыкканына эреркей, мурдун көтөрө, чоң сүйлөөгө өттү. Улам түзөтүү менен чыгып жаткан материалдарына корстон болгон ал бала журналистиканын казанында кайнап, ысык-суукта калбай туруп, бир жылдан кийин депутат болууну самады. Адамкерчилик, сый-урмат, кесиптин чыныгы ээси болуу, улуу-кичүүнү сыйлоо, тилди үйрөнүү деген касиеттерди алдыга чыгаруунун ордуна тез эле бийлик креслосуна жетүүнү самаган жаш кыргызга Ак үйдөгү чала-сабат, акча менен бийликке жеткен, сүйлөй албаса да, иштей албаса да таанышы менен таанылып, акча жасоону алдыңкы планга койгон эргулдар катуу таасир берген окшойт. Жалаң акчаны, бийликти, байлыкты, таасирди каалаган маңкурттар муундан-муунга ушинтип бири-биринен үлгү алып өтө берсе, кандай өлкө болобуз?

Ххх

Эне, аял баркталган өлкө өнүгүп-өсөт. Азыр Кыргызстанда күйөөгө тийе албай калган же ажырашып кеткен кыз-келиндер абдан көбөйүп, алардын армиясы өсүп бараткандай сезилет. Себеби эркектер аз санда, анысы аз келгенсип көбү түрмөдө, көбү ичкич, көбү наркоман, көбү мигрант. Жакшыларынын 2-3төн аялдары бар. Аялдардын жан дүйнөсүн түшүнбөй, назик сезимин өзүнүн майда-барат түшүнүгүнө сыйдырып, ошого жараша аялды да майдалап мамиле кылган эркектердин саны качан токтойт болду экен? Бул тарабы минтип жатса, кыргыздын кыздары арзан болот деген чет элдиктер четинен аялдыкка ала башташты. Ачык эле корейлер, кытайлар, арабдар, түрктөр, жапондор, европалыктар ушуналык көп санда кыргыз кыздарын аялдыкка алып, кыргыз эмес балдардын санын көбөйтүп, жээндердин желесин тартышууда. Мурда кыргыздын мыкты уулдары башка улуттан кыздарды алып, акылдуу кыргыз балдарын тарбиялап чыгышкан. Азыр болсо баары тескери, кыздар кыргыз эместерди төрөп жатышат. Демек, таза улутту сактоо аялдардын колунда экенин аңдабай жатышат.

Ххх

Өмүр бою университетте студенттерге сабак окуткан агай жалаң алдым-жуттумдук, ачык акча суроо, ачык үй жумуштарын жасатуу, өз пайдасынын кызыкчылыктарын кылдырып алуу адатынан арылбай сабак берип жүрүп, 70 жашка чыкты. Дипломдук иш, кандидаттык, докторлук диссертацияларды жаздырууда жана текшерүүдө, экзамен жана мамлекеттик экзамендерди алганда кудай ургандай акчаларды шыпырып алчу. Аны өзүнүн чыныгы эмгеги деп эсептечү. Бирок, алардын азы аныкы болсо, көбү башкалардыкы боло турган. Ал кагаз иштерин ары-бери чампалап жатып, бир топ акчаларды тапчу. Бир жылдары бир чоң жыйында басып баратканын көрсөм, кебетеси бакадай болуп калыптыр. Ошондо абдан таң калдым, кудай адамдын ички дүйнөсүн сырткы кебетесине окшоштуруп коеруна. Ал басып барып, бир жерге кирди да чөнтөк телефонунан бирөөгө чалып: “эй сен, болбойсуңбу батыраак, акмак десе” деп өчүрүп койду. Кайра басып барып эл арасына отуруп калды. Анын бир эле ушул сөзүнөн адамдар менен канчалык сый-урматта жашаарын, намаз окубаарын, бул жашоонун негизги ченем-аспектилерин билбээрин баамдадым. Анын бакадай басып баратканын көрүп, зээним абдан кейиди. Бир университетте өмүр бою сабак берген агайдын “алыскы өлкөдө көп жыл жашап жүрүп келсем, менин досторум жалаң алдым-жуттумдук менен акча табуунун айынан бири букага, бири бакага, бири итке окшоп калган кебетелерин көрдүм” дегени эске түштү.

Ххх

Эжейим мени “жоголуп кайда жүрөсүң? Тез кел!”, – деп чакырды телефондон. Азыр барам, – дедим да барган жокмун. Анын эртеси да. Кийинки күнү жаңы эле чыккан китебимди көтөрүп бардым. Карап, барактап, телефондон ар кимдер менен сүйлөшүп отура берди. Көпкө ошентти. Ал мага таарынып, коркуткандагысы эле. Мен дагы унчукпадым. Мени китеп куткарып жаткандай болду. Ортодон чай кайнам убакыт өтүп кетти. Мага карап эч сүйлөбөйт. Мен дагы сүйлөбөйм. Анан аны карап туруп: мастандыгына, отурган бийлигине манчыркоосуна, керсейгенине, тажаалдыгына, заарына, майдалыгына, алдында иштегендерди катуу тартипте башкаруусуна, терс кыялдыгына, ачуулугуна назиктиги, аялдык амалкөйлүгү, энелик боорукердиги, далай эркектерди ашык кылчу сулуулугу, иште такшалган тажрыйбасы, акылмандыгы, балдарды мыкты тарбиялаган даанышмандыгы, күйөөгө жароокер жар болгону, жарашыктуу кийингени, боенгону, басканы жуурулушуп турду. Мен аны бир гана мүнөт тиктеп, ушунун баарын көзүнөн көрдүм. Көрдүм да, азыркы алдыңкы сапта, бийликте жүргөн кыргыз аялдарынын бир образын таптым.

Сымбат Максутова