66

– Таалайбек Алимбекович, быйыл кургакчылык болуп, түшүм ойдогудай эмес. Жашоо-тиричилигибиз ага көз каранды болгондон кийин, тармак жетекчиси катары бул багытта эмне айтмакчысыз?

– Туура. Быйыл кургакчылык болуп, 6 ай бою жаан жаабай туруп алды. Тоодон түшкөн суунун көлөмү жылдагыдан үч эсеге аз болду. 12-майда кургакчылыктын алгачкы сигналдары түшүп жатканда эле министрликте атайын оперативдүү штаб түзүлүп, ар бир райондон районго лимит менен суулар бөлүштүрүлө баштаган. Бирок, бардыгы эле ойдогудай болду дегенден алысмын. Суу системасындагы буга чейин калыптанып калган суу уурдоо, суу сатуу маселелери болуп келген. Бир канча жерлерден лимиттен ашык суу уурдап жаткандарды атайын оперативдүү топ менен кармаганга жетиштик. Негизи эле сугат системасында болгон бир топ туура эмес иштерге тиешеси бар адамдарга күнөө тагылып, жумуштарынан алынды. 9 айдын жыйынтыгы менен айрым облустук суу чарба жетекчилерине сөгүш берилди.

Түшүмдүүлүк боюнча айтсам, 2012-жылы 540 миң тонна буудай алынган. Биз быйыл, кургакчылык жылында 600 миң тоннанын тегерегинде жалаң буудайдын өзүн чогултабыз деген үмүтүбүз бар. А эгерде жалпы дүң түшүмдү ала турган болсок, былтыр 1 млн. 800 миң тонна болгон болсо, быйыл 1 млн. 400 миң тоннанын тегерегинде түшүм жыйнайбыз деген үмүтүбүз бар. Быйыл жылдагыдай эле 250 миң тоннанын тегерегиндеги буудай жетпей турат. Жетпеген буудайды ишкерлер Казакстандан алып келишет. Казакстан түшүмдү көбүнчө кайракы жерлерден алгандыктан, алардын быйылкы түшүмү дагы орто эсеп менен жылдагыдай эле болду. Ошондуктан, ал жактан келе турган буудайдын баасы дагы жылдагыдай болот. Кымбат болбойт. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ойлондура турган маселелер азырынча жок, Кудай буюрса баары жайында болот.

– Тамчылатып сугаруу ыкмасынын иш жүзүнө ашышына эмне тоскоолдук болуп жатат?

– Туура. Тамчылатып сугаруунун пайдасы жөнүндө айтып, региондорго барып семинарларды өткөрүп келдик. Сокулук районунда 20 гектар аянтка киргиздик. Балыкчыда бир фермер тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 28 гектар аянтка өрүк өстүрүп жатат. Негизи эле Ысык-Көл облусунда 18 жерде, Таласта 1-2 жерде, Оштун Кара-Суу районунда колдонула баштады.

Тамчылатып сугаруу ыкмасына керектелүүчү шланга, түтүктөрдү Казакстандан, Кытайдан, Түркиядан алып келип жатышат. Андай жабдуулар бизге 1 миллион гектар аянтка керектелет. Ошондуктан, анын жабдууларын башка жактардан кымбат сатып алып олтурбай, өзүбүздө чыгара турган заводду курууга аракет кылып жатабыз. Буюрса, андай заводду курганга кытайлык ишкерлер чыгып жатышат. Кечээ жакында эксперттер келишип, жерин аныктап кетишти. Завод Сокулук районуна курула турган болду. Келишим боюнча 2015-жылдын 1-февралынан баштап өз продукцияларын чыгара баштайт. Тамчылатып сугаруунун ыкмаларын үйрөтүү боюнча мен жакында айыл чарба ишкерлеринен 20 баланы Кытай жергесине алып барып көргөзүп келдим. Алардын бир эле районундагы 1 млн. 200 миң гектар жер аянтынын 900 миң гектарына тамчылатып сугарууну киргизишиптир. Ал жерден алган буудайдын түшүмдүүлүгү 70-80 центнер, жүгөрү 16-18 тоннага чейин алынат экен. Мындай ыкма менен сугарууда биринчиден суу үнөмдүү колдонулат. Экинчиден, көп убакытты талап кылбайт. Үчүнчүдөн, каалаган убакта сугара аласың. Ар бир сугатта жер семирткич берилип турса, түшүмдүүлүк 2-3 эсеге көтөрүлөт.

– Быйыл тоют да тартыш, натыйжада мал арзандап кетти деген пикирлер да жок эмес. Сиздерде бул багытта эмне маалымат бар?

– Жакында Өкмөт башчы Ж.Оторбаев менен Баткен облусунда болдук. Баткен, Ошто 1 түк чөп 180 сомго түшүптүр.

Тоют жетишпей, баасы асман чапчып жаткан болсо, малдын баасы түшүп кетмек. Мал арзандаган жок. Бул боюнча ар жума сайын Токмоктогу чоң базарга барып, биздин адистер мониторинг жүргүзүп турушат. Түктөр 230-240 сомдон жыйылып турат. Көп алгандарга 200дөн беребиз дейт. Бир ай мурда согумга деген малдын баасы 75 миң сомдон сатылып жаткан болсо, азыр ошол эле мал 105 миң сомдон жогору. Алыскы жайыттар пайдаланылбай, малдын көбү жакынкы жайыттарга чыккандыктан, жакынкы жайыттар такыр болуп, мал негизинен арык түштү. Ошондуктан, арык мал базарда арзанырак болуп, бордоп багылган мал улам кымбаттап жатат.

– Сиз бул тармакка жаңы келгениңизде жер семирткичтерди чыгара турган завод куруу керектигин дагы айттыңыз эле?

– Учурда Түштүк Кореянын жеке ишкерлери менен биргеликте органо-минералдык жер семирткичтерди чыгара турган заводду курганга жетиштик. Май айынан бери иштеп, бүгүнкү күндө анын 4 түрүн чыгарып жатышат. Келерки сезонго органо-минералдык жер семирткичтин көлөмүн 1 миллион литрге чыгарганга аракет кылышууда. Биз аны дыйкан-фермерлердин арасында тез арада эле жайылта алдык десем болот. Себеби, баасы арзан. 1 литри 600 сомдун тегерегинде. Ушундай эле Россиянын “Нагро”, “Внутривант” сыяктуу органо-минералдык жер семирткичтери 1600 сом турат. Башка жактан ала турган болсок, баасы үч эсе кымбат болуп жатат. Андай бааны биздин дыйкандар көтөрө албайт.

Бизде буудайдын түшүмдүүлүгү негизинен 27-28 центнерден айланып жатат. Түшүмдүүлүк жер семирткичке байланыштуу болот. Бизде жер семирткичтер ар гектарына 200-300 килограммдан гана берилет. Айыл чарбасы өнүккөн өлкөлөр 1 гектар аянтка бир тоннадан ашыгыраак жер семирткич беришет. Биз дагы Кыргызстандагы ар бир дыйкандын 1 гектар жерине 1 тоннадан жер семирткичти арзан баада берүүгө жетишишибиз керек. Ал үчүн өзүбүздө химиялык жер семирткич чыгаруучу завод куруп, дыйкандарга 6-7 сомдон сатсак, айыл чарбасын көтөрүүнүн бир жолу чечилмек. Мындай заводду куруу 10 жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Ушул маселелер боюнча Кытай, Корея өлкөлөрүнө барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Кытайдан жеке инвестицияларды тартканга аракет кылдык эле, макулдугун берген 2 компания чыгып жатат. Азыр эксперттерди күтүп жатабыз. Заводду курууга инвестициясын салып, кийин кайра акчасын кайрып алса, бизге чоң утуш болмок.

 Маектешкен Бактыгүл Кулатаева