ӨКМ куткаруучулары Араван-Ак-Буура каналынан сумкага салынган кызыл түстөгү суюктукту алып чыгышты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка таянсак,  29-октябрда саат 15:35те Ош шаарынын Набережная көчөсү менен Мушкетова көчөсүнүн кесилишкен жеринде агып өткөн Араван-Ак-Буура каналында кызыл түстөгү суюктук (порошок сымал) сууда агып жаткандыгын айтып, ошол жердин жашоочулары жана «Төлөйкөн» айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А. Кокулов кайрылган.

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаардык санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Кубаныч Жумабаев менен биргеликте барышып, окуяны жеринде иликтеп, Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам кезметчисине кабар беришкен.

КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, куткаруучу шаймандардын жардамы менен сууга түшүп, суудагы болжол менен 10 килограммдык сумканын ичинен кызыл түстөгү затты суудан алып чыгышты.

Белгисиз зат Ош шаардык санэпидемкөзөмөлдөө борборуна өткөрүлдү.

4a0ffcc9b447cbe70d66aca15dd62318_500_0_0

66c47a1d5a9fc43f0efe7592d939d372_500_0_0

1c1fe90a6ac938c9b69f1b15306e90fb_500_0_0

5db05bd95b6eaa264c56797128c0e140_500_0_0

0aa2695ceffca4151b677370e0d7bbdf_500_0_0

Булак: Баракелде