ДИДЬЕ

22-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө иш сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Президенти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) азыркы Төрагасы Дидье Буркхальтер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-швейцариялык кызматташуунун маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Дидье Буркхальтер ошондой эле эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча да пикир алмашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев бийик даражалуу мейманды кабыл алып жатып: “Швейцариянын Президентинин алгачкы сапары эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуунун 20 жылдыгына туш келгендиги жакшы жышаан. Сиздин келишиңиз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деген ойдо турабыз. Талкууланган бардык маселелер боюнча пикирлерибиз да дал келди. Тактап айтканда, айрым талаштарды жараткан коомдук коопсуздукка тиешелүү маселенин долбоору боюнча дагы консенсус табылды”, – деди Алмазбек Атамбаев. “Кыргызстанда дагы, Швейцарияда дагы мунай менен газдын запастары жок, ошого карабастан Швейцария калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга жана экономикасын өнүктүрүүгө жетише алды. Демек, өнүгүү үчүн эң башкысы жаратылыш байлыктары эмес, адамдар жана стабилдүүлүк керек экендигин Швейцариянын мисалы ырастап турат”, – деген Мамлекет башчы Дидье Буркхальтерге Швейцариянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, 2014-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмуна (ЕККУ) ийгиликтүү төрагалык кылгандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Дидье Буркхальтер Борбордук Азия өлкөлөрүнө сапарынын стратегиялык маанисин белгилеп, 2015-жылдагы парламенттик жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолорду өткөрүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. “Кыргызстан ЕККУ тарабынан жакшы колдоого татыктуу. Кыргызстанга байланыштуу биздин пландарыбыз жана үмүтүбүз да зор”, – деди Дидье Буркхальтер.

Ал эми Алмазбек Атамбаев экономика тармагында кыргыз-швейцариялык конкреттүү долбоорлордун ишке ашырыларына ишенимин билдирсе, Президент Дидье Буркхальтер кыргыз-швейцариялык мамилелерди ырааттуу өнүгүп жаткандыгын баса белгилеп: “Швейцариянын тоолору Кыргызстандыкындай бийик эмес, бирок кызматташуу боюнча амбицияларыбыз бийик. Биз мамилелерди күндөн-күнгө тереңдетип, өнүктүрүп жатабыз”, – деди.

Жолугушуу учурунда Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын март айында Швейцарияга расмий сапар менен бараары белгилүү болду.

Швейцария -биздин маанилүү өнөктөш

Дидье Буркхалтер ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен да жолугушту.

“Швейцария Кыргызстандын абдан маанилүү экономикалык өнөктөшү. Кызматташуунун динамикасы биз үчүн зор үмүт арттырат. Швейцариянын ишкерлери Кыргызстандын экономикасына тартынбай инвестиция чегеришет деген тилегибиз бар”, – деди Өкмөт башчы.

Ал эми жолугушууга убакыт бөлгөндүгү үчүн Жоомарт Оторбаевге ыраазылык айткан Президент Дидье Буркхальтер Кыргызстанда суу маселесин чечүү боюнча тажрыйба бөлүшүүгө жана алдыдагы парламенттик шайлоолорду өткөрүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Швейцария Конфедерациясы Кыргызстандын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 23-декабрында тааныган, эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 14-февралында түзүлгөн. Эки жыл мурда Бишкекте Швейцариянын элчилиги ачылган.

1993-жылдан тарта Швейцария Кыргызстандын эл аралык финансы уюмдары менен кызматташуусуна үлкөн көмөк көрсөтүп келет.

1994-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө Келишимге кол коюлуп, ошондон бери эки тараптуу мамилелер ыргактуу улантылып келүүдө.

Быйыл кыргыз-швейцариялык кызматташуусуна 20 жыл толду. Бул кызматташуу мезгилинде Швейцария түрлүү долбоорлор менен программаларды жүзөгө ашыруу үчүн биздин өлкөгө грант түрүндө 292 миллиондон ашык швейцария франкы өлчөмүндө финансылык колдоо көрсөттү. Учурда Швейцария өз ара кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү максатында айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча, ошондой эле чакан жана орто бизнести, соода жүргүзүү жана жарандык коомду колдоо багытында 31 долбоорду жүзөгө ашырууда.

Маселен, соңку эки жылда эле 11 долбоор ишке ашырылды. Алардын ичинде Ат-Башы ГЭСин калыбына келтирүүгө 19,8 млн., медициналык мекемелерди автономдоштуруу долбооруна 9,4 млн., улуттук суу ресурстарын башкарууга 8,8 млн., Алай жана Чоң-Алай райондорунда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 3,4 млн. швейцария франкы, Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо инфраструктурасын жакшыртууга 7,45 млн. евро өлчөмүндө бөлүнгөн гранттарды айтсак болот.

Швейцария Конфедерациясы Кыргызстан үчүн приоритеттүү өнөктөштөрдүн бири. Экономика министрлигинин маалыматына таянсак, өткөн жылы тышкы соода жүгүртүүдөгү экспортубуздун 25,5 %ы жана импортубуздун 0,3%ы ушул өлкөнүн үлүшүнө туура келип, өз ара соодалашуу көлөмү 531,5 миллион долларды түзгөн.

Ал эми быйыл тогуз ай ичиндеги соодалашуу 304,3 млн. долларга жетти. Жыйырма жыл аралыгында эки өлкө ортосундагы өз ара соодалашуу 189,6 эсеге өскөндүгүн эксперттер эсептеп чыгышкан.

Швейцарияга Кыргызстандан негизинен иштетилбеген түрүндө алтын жана күмүш экспорттолсо, биздин өлкөгө балдар үчүн азыктар, түрлүү суусундуктар, медициналык дары-дармектер, канцеляриялык товарлар ташылып келет.

Ошол эле Экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2013-жылы бул өлкөдөн 12,5 млн. доллар өлчөмүндө тикелей инвестиция Кыргызстандын экономикасына чегерилген. Соңку 5 жыл ичинде швейцариялык инвестициялардын 78,83%ы өлкөбүздүн тоо-кен өнөр жайына, 15,16%ы финансылык секторго келген. Мындан тышкары Швейцариянын Улуттук Банкы жыйырма жылдан бери өлкөбүздүн Улуттук Банкына акча-кредиттик саясат, төлөм системаларын өнүктүрүү, маалыматтык коопсуздук жана башка багыттар боюнча техникалык колдоо көрсөтүп келатат.

Ал эми Швейцариянын экономика боюнча Мамлекеттик секретариатынын (SECO) линиясы тарабынан Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногун, финансылык секторун өнүктүрүүгө, терроризмдин каржыланышына жана уурдалган кирешелерди легалдаштырууга каршы туруу багытындагы бир катар долбоорлор каржыланып келүүдө.

Швейцария Өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк Банктын бир катар долбоорлорун каржылашууга катышат. Ар үч жыл сайын донор катары ДБнын Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясынын ресурстарын 800 миллион долларга толуктап турат жана 70 мамлекеттин катарында Кыргызстан да ушул каражаттар эсебинен 0,5% үстөк менен 40 жылдык мөөнөткө чейин жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Швейцария Эл аралык Валюта фондуну да ар үч жылда 120 млн. доллар каржы менен камсыздайт. Кыргызстанга ошол акчалар эсебинен техникалык жардамдар көрсөтүлөт.

Саясий-дипломатиялык кызматташуулардын алкагында Швейцария Конфедерациясы Эл аралык Тоо жылын өткөрүү жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө боюнча Кыргызстандын демилгелерине баа жеткис колдоо көрсөткөн.

 

Кыргызстан менен Швейцариянын окшош жактары арбын

Швейцария Конфедерациясынын калкынын саны учурда 8 миллионго жакындап калды. Калктын 400 миңге жакыны мусулмандар. Өлкөнүн аймагында Германияга таандык Бюзинген жана Италияга тиешелүү Кампионе-ди-Италия анклавдары бар.

Немец, француз, итальян тилдери расмий тилдер болуп саналат.

Мыйзам чыгаруу бийлигин эки палатадан турган Федералдык жыйын түзөт. Аткаруу бийлиги 7 федералдык кеңешчиден турган Федералдык жыйын болуп эсептелет. Алардын ар бири министрдин, ал эми экөөсү конфедерациянын президенти менен вице-президентинин милдетин аткарышат.

Кыргызстан сыяктуу эле деңизге чыгуучу жолу жок. Өлкө аймагынын 61%ын тоолор, 25%ын токойлор ээлейт. Тоо жолдорунда 600дөн ашык туннелдер салынган. Европадагы таза суунун 6%ы Швейцарияда. Казылуучу кен байлыктары жокко эсе. Ошого карабастан, дүйнөдөгү эң өнүккөн индустриалдуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Швейцарияда электр энергиясынын 42%ы АЭСтерде, 50%ы ГЭСтерде өндүрүлөт. Айыл чарбасы калктын 57%ын азык-түлүк менен камсыздайт. Улуттук кирешенин 15%ын туризм тармагы берет. Дүйнөгө Давос, Санкт-Мориц, Церматт, Интерлакен сыяктуу тоо лыжа жана курорттук жайлары менен белгилүү Швейцария 200 жылдан бери саясий жана аскердик бейтараптык статусту карманып келет. Мындай саясат дүйнөлүк эки согушта өлкөнү кыйроодон сактап калган. Банк сектору ИДПнын 9%ын түзөт. Европада ташылуучу жүктөрдүн 50%ы Швейцария аркылуу өтөт.

Швейцария эң маанилүү дүйнөлүк финансы борбору катары белгилүү. ИДПнын 29%ы чет өлкөлөргө инвестицияланат. Өлкөдө 400дөн ашык банктар бар. “Кантональ” банкында Владимир Лениндин эсеби азыркыга чейин сакталган. 2006-жылы анда 286 рубль бар экени такталган.

Швейцария эң күчтүү менчик мектептери менен да мактана алат. Мектептердеги окутуунун сапаты боюнча алдыңкы 15 өлкөнүн катарында. Бул өлкөдө велосипед эң эле көп таркаган унаа болуп саналат.

Жан адамга эсептегенде басма сөз каражаттардын саны боюнча да дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Дидье Буркхалтер биздин кесиптеш

Кошумчаласак, Швейцариянын 166-Президенти Дидье Буркхальтердин кызмат мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. Ал 1985-1989-жылдары француз тилиндеги “National” газетасынын башкы редактору, 1988-жылы “Politigue” журналынын башкы редактору болуп иштеген.

 Даярдаган Атай АЛТЫМЫШЕВ