кара-Кулжа2

2014-жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265 чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаеке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр  аралык кыймылы так сакталышы зарыл.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 22-ноябрында № 22-буйругу чыккан.

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 25-28-ноябрында катуу жааган кардын кесепетинен 70-90см кар түшүп, төмөндөгү айылдарга баруучу ички чарбалык  жол каттамдары жабылган:

Чалма айыл аймагындагы Буйга айылында 20 чакырым ички чарбалык  жол;

Сары-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылында 3 чакырым, Терек-Саз айылында 5 чакырым, Конокбай-Талаа айылында 12 чакырым ички чарбалык  жолдор жабылган.

2014-жылдын 29-ноябрында КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 бульдозер тартылып, ошондон бери тазалоо иштерин жүргүзгөн.

2014-жылдын 4-декабрында саат 19:00дө ички чарбалык жолдор бир багытка ачылып, кеңейтүү иштери улантылууда. Кошумча маалымат берилет.

2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин чектөө киргизилди.