кар

2014-жылдын 5-декабрынан 8-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 2-декабрында чыккан №22 буйругунун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 8-декабрына чейин узартылды.

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 25-28-ноябрында катуу жааган кардын кесепетинен 70-90см кар түшүп, ички чарбалык  жол каттамдары жабылган.

2014-жылдын 5-декабрында бир тарапка ачылган ички чарбалык жолдорду кеңейтүү иштери улантылууда. Кошумча маалымат берилет.

2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна атайын буйрук чыкканга чейин чектөө коюлду.