Салыкчылар Ош шаарында спирттин спецификалык жыты бар 700 литр суюктук табышты
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте контрафактык алкоголдук продукцияларды сатуу фактыларын табуу жана тыюу салуу боюнча рейддик салыктык текшерүү жүргүзүлдү.Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө «Бостон» базарынын аймагында спирттин спецификалык жыты бар 700 литр суюктук табылып, тартып алынды.
Салыктык текшерүүнүн материалдары тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн түштүк аймагы боюнча ЭККМКга өткөрүлүп берилди.
Булак : Баракелде

Leave a Reply