Депутат А.Султанов жүк ташуучу унаалардын салмак ченемин ашыруу тууралуу: Мындай көйгөйдү өзүбүз түздүк
Бүгүн, 21-ноябрда депутат Акылбек Султанов КСДП фракциясынын отурумунда Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салуу боюнча норманы көзөмөлдөй алабы, деп кызыкты.
«Машиналардын саны мурдагыдай бойдон. Сиздер акырындап киргизе аласыздар жана дал ушул киргизүүгө тыюу салууга күч жетеби? Мурда дагы бул маселени көтөргөнбүз. Бирок сиздер билесиздер да, кызыктар адамдар тез эле минтинг уюштуруп, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктарын коргошот. Эгер парламент колдосо аткарыла тургандыгына кепилдик бере аласыздарбы?», – деди ал.
Анын айтмында, транспорт боюнча эки маанилүү маселе бар: жүк ташуучу машиналар жана оң рулдуу машиналар боюнча.
«2010-жылдан бери жүк ташуучу унаалардын стандарты маселеси көтөрүлүп келет. Чек ара аркылуу өткөрүүгө болбойт. Мындай көйгөйдү өзүбүз түздүк. Азыр 50%га чейин оң рулдуу машиналар киргизилди. Бул жартысы жана эл иштеп жатат. Жагдайды ушуга чейин жеткенине өзүбүз күнөөлүбүз»,- деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов, эгер мыйзам күчүнө кирсе, анда алар Мамлекеттик бажы кызматынын жардамы менен аткарууга даяр экендиктерин белгиледи.


Leave a Reply