777

Өткөн  2014-жыл  Мамлекетибиздин  саясый,  экономикалык,  социалдык  гана  эмес,  Өлкөнүн  мындан  аркы  келечеги,  эгемендүү өсүп-өнүгүшүнө  жетүүбүзгө  толук  мүмкүнчүлүктөр  бар  экендигин,  буга  коомдогу  стабилдүүлүктүн  сакталышы,  элдин  биримдиги,  адилет,  ак  эмгек  зор  роль  ойноорун  тастыктады.  Буга,  өткөн  жылдын  январь-сентябрь  айларынын  жыйынтыктары  боюнча,  ИДПнын  көлөмү  акчалай  көрсөткүчтө  347 млрд.  778,7 млн.  сомду  түзгөндүгү,  өзгөчө  айрым  бир  ичтеги,  сырттагы  штаттык  “сагызгандардын”  өлкөнүн  экономикасы  өнүкпөй  жатат  деген  “төлгөчүлүктөрүн”  толук  төгүндөдү.  Өлкөдөгү  бир  топ  жылдардан  бери  айтылып,  бирок  эч  ишке  ашпай  келген  көптөгөн  маселелерди  чечүү  менен  Мамлекетибиз  жылкы  жылын,  чоң  саясий  аброй  менен  гана  эмес,  жогоруда  сандар  тастыктагандай  экономикалык  утуштар менен  артка  таштады.  Алар  кайсылар?  Бардыгын  санап,  кеңири  айтып  отурбастан,  алардын  ичинен,  бир  нечеси  тууралуу,  кыскача  гана  айтып  өтөйүн.

Өткөн  жылкы  жылында  өлкөнүн  өнөр  жай  өндүрүшү  салыштырмалуу  айтканда  ордунан  обдулуп  козголду.  Алсак,  кайра  иштетүү,  өнөр жайында курулушта  жана  соода-сатыкта  кошумча  нарк  жогорулады,  салык  кирешелери,  бажы  жыйымдар   да  туруктуу  өсүп барат,  өзгөчө  башка  жылдарга  салыштырмалуу  өлкөдө  жагымдуу  инвестициялык  климаттын  түзүлүшүнө  жана  инвесторлорго  инвестицияларды  коргоого  жана  туруктуу  укуктук  режимди  колдонууга  жана  лицензиялоо  жагдайын  жөнөкөйлөтүү  маселелери ишке киргизилди,  пайдага  жана  кирешелерге  салыктар  азайтылды,  натыйжада  өлкө  аймактарындагы   иштеп-иштебей  турган  бир  катар  ишканалар  ишке чегерилип  бир  топ  атуулдарыбыз  иш,  маяна  менен  камсыз  болушкандыгы,  алар  өлкөнүн  экономикасынын  өйдөлөшүнө  өбөлгө  болгондугу,  өлкөдөгү  чоң-кичине  маселелердин  баары  мыйзам,  демократиялык  мейкиндиктин  алкагында  чечилип,  өлкө  башчысынын  эл  аралык  аренадагы  кадыры  менен   алыскы,  жакынкы  мамлекеттерден  биздин  өлкөнүн  экономикасынын  өнүгүшүнө  жана  элдин  жашоо-турмушун  жакшыртууга  багытталган ири көлөмдөгү каражаттардын  келиши,  аларды максаттуу  колдонууну  бекем  көзөмөлдөөгө  жетишүү менен Кыргызстан  өлкөдө  кандай  гана  кырдаал  болбосун  эгемендүүлүктүн  алгач  күндөрүндө  эле  тандап  алган  демократиялык  идеялардан  кайтпастыгын  элге,  элдин  мүмкүнчүлүктөрүнө  бекем  ишене  тургандыгын  2014-жылы  республикалык  бюджетке  атайын  каражаттарды  жана  мамлекеттик  инвестицияларды  эсепке  албаганда   пландагыдан  3 %га  арбын  киреше  түшүп,  ал  105,8 млрд.  сомду  түздү  салыктан  түшкөндөрдүн   көлөмү  70,9 млрд.  сомду  (1,3% га  ашык),  бажы  жыйымдарынан  42,5 млрд.  сом  түшкөндүгү  эле  жогоруда  айтылгандарды   дагы  бир  жолу  таасын   далилдей  алды.  Буга,  дүйнөлүк  банктын  “Бизнес  жүргүзүү”  боюнча  берген  отчетунда  Кыргызстан  Түркия  жана  Кытай  Мамлекеттеринен  озгондугун  белгилөөсү  өлкөгө  чоң  аброй  гана  алып  келбестен  өлкөдөгү  жүргүзүлгөн  реформалардын  туура  экендигин  айгинеледи.

Өлкөнүн  айыл  чарбасында  да  бир  катар  алгылыктуу  иштер  жаралды.  Башка  жылдарга  салыштырмалуу  кээ  бир  аймактарда  дан  эгиндеринин,  айыл  чарба  азык-түлүктөрүнүн  түшүмдүүлүгү  жогорулады,  кайра  иштетүү  жагдайында  да  алга  жылуулар  болду.  Мындай  ийгиликтердин  жаралышына  Өлкө  башчысынын  кадыр-баркы  менен  алыскы-жакынкы  мамлекеттерден  алынып  келинген  айыл  чарба  техникалары  жана  айыл  жергесиндеги  фермерлерге төмөнкү  пайыз  менен  берилген   каражаттар  Республикабыздын  калкынын  басымдуу  көпчүлүгү  жашаган  айыл  жергесиндегилердин  жашоо-турмуштарынын  жакшырышына  шарт  түздү.

Өзгөчө  узап  кеткен  жылкы  жылында  Дүйнөдө  биринчилерден  болуп  Кыргыз  мамлекетинде,  кыргыз  жергесинде,  болгондо  да  кыргыз  бермети  болгон  көгүлтүр  Ысык-Көлдүн  жээгинде  өткөн  Бүткүл  дүйнөлүк  “Көчмөндөр  оюндарын”  өткөрүү  идеясын  көтөрүп,  аны  өтө  кыска  мөөнөттө  ишке  ашырган    КР  Президенти  Алмазбек  Атамбаевдин,  бул  иш-чараны  өткөрүү  менен  мамлекеттин  туруктуулугун,  кадыр-баркын,  мейман  достугун  даңазалаганын  бир  гана  кыргыз  эли  эмес,  ошол  “Көчмөндөр  оюндарын”  түз  алып  берүүдөн  көрүшкөн  40ка  жакын  түрк  тилдүү  мамлекеттердин  кадырман  калкы  күбө  болушту.

Ал  эми  Кыргыз  Республикасынын  Бажы  союзуна  кириши  биздин,  Орусияда  ачык,   жашыруун  түрдө  ар  кандай  тармактарда  иштеген атуулдарыбыздын  жашап-иштөөлөрүн  бир  топ  жеңилдетип  гана  тим  болбостон,  Кыргызстанда  жашаган  ата-эне,  бир  туугандарынын  жашоо  турмуштарынын оңолушуна  омоктуу  жардам  болот.

Айта  берсек,  жылкы  жылында  өлкөдө  ишке  ашкан    ой-максаттар  арбын.  Бул  жерден  белгилей  кетүүчү  жагдай  бул  чакан  макаланы  окушкан  кээ  бир  иш  жүзүндө  эл,  мекен  үчүн  көзгө  көрүнөөрлүк  эмгек  өтөбөй,  бирок  “акыл”  айтуу  менен  элге  таанымал  болушкан  “асан  кайгылар”  бардыгын  эле  мактай  бериптир – деп,  айтышы  мүмкүн.  Ооба,  бардыгы  эле  биз  каалап-самагандай  эмес.  Бирок,  ар  дайым  эле  өлкөдө  жасалган  иштерди  көз  жаздымда  калтырып  жаман  дей  бергенден  не  пайда?  Албетте,  эгемендүүлүккө  ээ  болуп  бир  аз  жылдардан  бери  гана,  мамлекет  катары  тиричилик  өткөргөн  биз  эмес,  дүйнөдөгү  өнүккөн  өлкөлөрдө – Японияда,  АКШда  деле  кайыр  сурап  отурушкандар  бар  экендигин  ал  жактарга  барып  келгендер  айтып  жүрүшөт.  Кутман  элибиздин  “кой  аксагы  менен  миң”  деген  акылман  кеби  буга  толук  далил.  Ушундан  улам  жакырбыз,  кедейбиз,  куурап  жатабыз,  деп  “сагызгандай”  сайрап,  оозубузду  куу  чөп  менен  аарчыбай,  “кыйынчылыктарга  чыдап  элге  жаңы  дем,  жаңы  күч  кошкон  жылт  эткен  ийгиликтерибизди  бекемдеп  алгалай  беришибиз  жакшы  го”.  Мына  ушул  айныксыз   чындыкты  ар  дайым  эске  бекем  тутсак.  Себеби,  жаман  эле  жаман  дей  бергенден  эч  качан  жардам  болбойт.

Бактыбек  ИМАМАДИЕВ