Заливка бетона на стройке
 Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өзүнүн токтому менен, Федералдык миграциялык кызмат даярдаган, КР жарандарын Россияда эмгек ишмердүүлүгү үчүн тандоо жөнүндөгү Кыргызстан менен жазылган макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.«Макулдашуунун максаты — россиялык жарандар тарабынан талапка ээ болбогондордон артыкчылыктуу, чет элдик жумушчуларга талапты аныктоонун жүрүшүндө россиялык жумуш берүүчүлөрдүн арызы менен аларды кесип боюнча ишке орноштуруу, чет мамлекеттик жарандарды даректүү жумушчу орундарга орноштурууну камсыздоо аркылуу Россияда иштегиси келген Кыргызстандын жарандарынын санын оптимизациялоо»,- деп айтылат маалыматта.

Маалымат боюнча, макулдашуунун долбоорунда, иммиграцияга чейинки даярдык, чет элдик жарандардын өлкөгө киришинде алардын кесиптик даярдыктары, алардын медициналык күбөлөндүрүү алышы, тестирлөө жана орус тили, тарых, Россиянын мыйзамдарынын негиздери боюнча экзамендерди берүү, алардын конкреттүү жумуш берүүчүгө карата багыттамасы каралган.

Маалыматта, ошондой эле, Россиянын өкмөт жетекчиси Россиянын федералдык миграциялык кызматына, аталган макулдашуудагы келишимдерге кыргыз тарап менен кол коюуга жетишүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшыргандыгы айтылат.