Руслан Түмөнбаев КРнын курама командаларын олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 16-декабрда КРнын дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түмөнбаевди дайындоо тууралуу буйрукка бүгүн кол коюлду.

Мамагенттиктин директору Кадырбек Эргешов өз сөзүндө белгилегендей, бүгүнкү күндө жетекчилик спортту башкарууга жаш адистерди тартууга аракет кылууда.

«Биз жаш толуктоолорго мүмкүндүк беришибиз керек, анын арасында Руслан Түмөнбаевге дагы», – деди директор.

Мурдараак бул орунду Талант Беккулов ээлеп келген.

Маалымкат:

Түмөнбаев Руслан Самаганович 1986-жылдын 28-майында туулган. Эки жогорку билимге ээ. Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясын окутуучу-машыктыруучу кесиби боюнча аяктаган.

84341cb38b5a5a6a114dd2477101b1e2_500_0_0

744aa5adbfbc78dd1530d4f1745ecd5d_0_500_0

Спорттогу жетишкендиктери:

– Пекиндеги Олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байге ээси (2008)

– Азиянын грек-рим күрөшү боюнча чемпиону (2008)

2011-2012-жылдары Бишкектин Свердлов районунун Ратбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинде машыктыруучу болуп иштеген.

2013-03-12_11-01-08_892817

c47b91e48102

Түмөнбаев оңдон экинчи