Дастан Умоттегин.

Дастан Умоттегин.

 Фотоаппаратымды жонума асынып, демейде узагыраак жолго чыкканда кийим-кече салчу көк сумканы колума кармап, эл көргөн жерди, көп акча төлөгөн ишти, отурукташып калган туугандарды көрүп келейин, оңтойу келсе окуйун деген илгери үмүт менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөдүм.

Жакын туугандарымдын көпчүлүгү ушул шаарда. Алды бала-чакасы менен көчүп келип, Орусиянын жарандыгына ээ болуп, жашоо ыңгайын түзүп алган. Өз жеримде эле окуп-иштейм деп көшөрүп жүрүп, акыры мен да жөнөп отурам.

Бир тууган эжем мен окууну бүтө элегимде эле чакыра берчү. “Аз акчага болсо да бул жакта деле иштеп жатам, өзүмө жетет”, – деп сооротуп койчумун. Бирок эжем болбой койду. Менин камымды жеп, билет сатып алган, документтеримди даярдаган, кийимдерди алып берген, таттууну жакшы көргөнүмдү билип, текчеме коюп койгон да ошол.

Келе жатканымда орустар “маданий борборубуз” деп мактанган шаарына болгон сонуркоонун ордуна (биринчи жолу башка мамлекетке чыгып жатканыма карабай) Бишкектен кетким эле келбей туруп алды. “Манас” аба майданына жакындарым узатып келишти. Майдандын сыртында чоң монитордон кереметтүү Ала-Тоодо тартылган сүрөттөр көрсөтүлүп жатты. Ал сүрөттөрдү көрүп, ичимден бир сызып алдым…

Телефонум тынбайт. Достор, тааныштар, айрыкча апам кайра-кайра чалып сурап жатты. Менин кеткенимди көрүп ыйлабасын деп, узатпай эле коюшун атайын өтүнгөм. Каттоодон өтөөрүм менен чөнтөк телефонума смс-билдирүү келди. Андагы жазылганды айткым келбейт, бирок аны эч качан унутпайм…

Мышык менен сапарга

Буга чейин Ош-Бишкек аба каттамы менен каттап жүргөндө мынчалык текшеришчү эмес. Бут кийимдерге чейин чечтирип, сумкамды аңтартып, иши кылса бир топ кыйнады. Кыл көпүрөдөн өткөн сымал эми гана кутулуп отургам. Анан эле бир орусту айланчыктап калышты, карасам баштыкка мышык салып алыптыр.

Басып барып “эмне мынча бир сасык мышыкты ташып” деп тамашалай сурадым. Ага дарыгерден атайын тактама, жол акы төлөп бара жатканын, ал мышыкка ушунчалык жакын болуп калганын, баласы аны бир тууганындай көрөөрүн, аны Бишкекке таштап койсо, алар үчүн өтө оор болоорун айтып бүтө албай койду.

Жанында отура берсем мышыгынын баянын айтып түгөтө алгыдай эмес. “Айылда ыргыта тебилип, жолду кесип өтүп кеткени үчүн да элге жаман көрүндү болгон мышык менен чогуу учат экенмин да”, – деп күбүрөнүп басып кеттим.

“Узун жолду кыскартыңыз, ким болгону баратасыз?”

“Эмне тамак жейсиз?”, – деп бирөө далымдан акырын түрткөнүнөн ойгонуп кеттим. Маңдайымда шашкалактап стюардесса тамак берип жүрүптүр. “Манты барбы?”, – деп тамашага салып, тамагын колума алдым. Эртең кетем деген күнү түн жарымына чейин достор менен коштошуп жүрүп, уйкудан калганга учакка кирип жайланышарым менен эле уйкуга сүңгүп кеткен элем.

Жанымда жашы отуздарды таяп калган чет элдик киши, чырайлуу келген кыргыз кызы орун алышыптыр. Тиги америкалык орус тилин жакшы билет экен. Мен жаңы көргөндө сулуу котормочусу го деп ойлогом. Жок, жаңылышыпмын. Ал деле мага окшоп тагдырдын көрсөткөн багытына баш ийип, балким бул жактан ырыскы буйругандыр деп бакытын чет жактан издеп келаткан Асел аттуу дарыгер экен.

Мурун тиш догдур болуп иштегенин, азыр башка жумушка кирүүгө Питердеги бир тууган эжеси менен камынып жатканын айтып берди. Негизгиси алдыдагы сапарыбыз, максатыбыз, күтүп жаткан окуялар, дээрлик баары окшош болгондуктан сөзүбүз, оюбуз бир жерден чыгып, жол ката сүйлөшүп келдик. Аңгыча англис, орус, кыргыз тилдеринде шаарга кирип келгенибизди, конуу алдында экенибизди маалымдап, аба ырайы менен тааныштырды.

Дагы бир кызык: учак кайкып келип, дөңгөлөктөрү жерди сүзүп, титирөө азая баштаганда элдин көбү кол чабышты. Биринчи жолу күбө болушум. Аман-эсен конуп алганына сүйүнүштүбү, же ушул шаарга келгендеринеби, айтор таң болуп, кол баштыгымды алып, түшүүгө камына башадым.

Учактан эми түшүп, фотоаппаратымды колума алып, аркы-беркини тартып келаткам. Эми бир көзүмдү жумуп мээлеп жатсам далымдан бир милиция таптап, тартууга тыюу салып койду.

Мени минтип тосуп алган орус маданиятынын очогу, бирок азыр президент Владимир Путиндин кичи мекени катары таанылган бул шаарда дагы канча жүрөм деп ойлоп койдум…

Дастан Умоттегин, Санкт-Петербург шаары