Прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүү демилгеси көтөрүлдү
Бүгүн 25- ноябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды. Анда демилгечилердин бири депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын иш стажысына жараша көбөйтүү сунушталууда. Ал үчүн «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл Эл өкүлү мурда «Прокуратура жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизилип, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы судьялардын пенсиясына (2,5 эсе көрсөткүчүнө) теӊдештирилгенин, бирок андай түзөтүү «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга кошо киргизилбей калгандыктан, ал мыйзам иштебей калганын билдирди. «Мыйзам долбооруна ылайык, 15-20 жылдык стажысы бар адамдардын пенсиясы 0,5 эсеге, 20-25 жылдык стажысы барлардыкы 0,75 эсеге, 25 жылдан ашык стажысы барлардыкы бир эсеге өсөт. Ал үчүн бюджеттен 5,6 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат каралууга тийиш», – дейт ал. Талкуу жүрүшүндө кошумча каржы булактарынын жоктугунан улам, Каржы министрлиги мыйзам долбооруна каршы болуп жатканы белгилүү болду. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошевдин пикиринде, кеп 5 млн сомдо эмес, кептин баары анын социалдык жагында болуп жатат. «Кыргызстан социалдык өлкө болгондуктан, адегенде ошол тармакта иштеген адамдардын пенсиясын жогорулатуу керек. Прокурорлордун пенсиясы ансыз деле орточо пенсиядан жогору», – деди ал. Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору колдоо тапкан жок. Комитет бул маселени парламент өзү чечсин деген чечимге келди.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу