нарымбаев1

2-февралда парламенттик коалициялык көпчүлүктүн Кеңешинин мүчөлөрү КРнын Президентинин Аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кайрылуусун карашты.

«Мыйзамга ылайык башкы прокурордун кызматтан кетиши жана жаңы прокурордун дайындалышы жаңы гана бүттү. Бул президенттин жана параламенттин саясий бийик маданиятын дагы бир жолу көрсөттү. Кызматтан кетүү суранычы жана дайындоо процедуралары мыйзамга ылайык жүргүзүлүдү. Ошондуктан Укук министри Алмамбет Шыкмаматовдун башкы прокурорлуктан А.Салянованын кетиши президенттин Аппаратынын жетекчиси Д.Нарымбаевдин оюну болушу мүмкүн деген негизсиз билдирүүсү түшүнбөстүктү жаратат. Бул билдирүү Шыкмамматов тарабынан 22-январда «Азия Ньюс» гезитинде жарыяланган», – деди Нарымбаев. «Бул калп билдирүү Президенттин Аппаратынын ишинин кадырын кетирет. Билдирүүчү өкмөттүн дагы, өзүнүн министрлигинин дагы, Жогорку Кеңештин дагы ишинин кадырын кетирет», – деди Нарымбаев. «Буга байланыштуу билдирүүнү Коалициялык көпчүлүктүн кеңешинин отурумунда кароону жана А.Шыкмаматовдон эл алдында кечирим сурашын талап кылууну суранам», – деди Нарымбаев.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА