каттар

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2014-жылдын ичинде (январь-декабрь айларында) 9016 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

– Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 6279;

– Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 1587;

– “Ишеним телефону” аркылуу кайрылган жарандар – 968;

– Кыргыз радиосунун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн жана Ош шаарындагы «Ынтымак» радио берүүсүнүн түз эфирлери аркылуу кайрылган жарандар – 182ни түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 6279 кайрылуулардын 6099у Президенттин Аппаратына түшүп, алардын ичинен эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан – 2602 (42,7%) жана Чүй облусунун жашоочуларынан – 865 (14,2%) келди.

Ошол эле мезгилде, Ош облусунан жана Ош шаарынан 761 (12,5%), Жалал-Абад облусунан – 469 (7,9%), Ысык-Көл облусунан – 416 (6,8%), Нарын облусунан – 277 (4,5%), Баткен облусунан – 189 (3,1%), Талас облусунан –146 (2,4%) жана КМШ мамлекеттеринен жана чет өлкөлөрдөн 374 (6,1%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 9 топту түздү:

– соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 1805 кайрылуу (28,7%);

– социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөкпул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 669 (10,6%);

– саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 662 (10,5%);

– турак жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 499 (7,1%);

– мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 271 (4,3%);

– коргоо, чек ара, мамлекеттик жана  улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 267 (4,2%);

– кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (проценти жок же төмөнкү проценттүү) – 179 (2,8%);

– курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 150 (2,4%);

– 2012-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 112 (1,8%).

2014-жылдын ичинде “President.kg” жана “Pisma.kg” интернет-сайттарына республиканын бардык региондорунан, КМШ мамлекеттеринен жана алыскы чет өлкөлөрдөн 1473 жарандын электрондук кайрылуулары түштү, анын ичинде:

– Бишкек шаарынан – 611 (же 41,4%);

– Чүй облусунан – 208 (14,1%);

– Ош облусунан жана Ош шаарынан – 181 (12,3%);

– Жалал-Абад облусунан – 68 (4,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 63(4,2%);

– Баткен облусунан – 50 (3,4%);

– Нарын облусунан – 42 (2,8%);

– Талас облусунан – 15 (1,0%);

– КМШ жана башка өлкөлөрдөн – 235 (15,8%).

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 1587 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында – 1219 (76,8%), Ош шаарында – 368 (23,2%), “ишеним телефону” аркылуу 968 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Кыргыз радиосунун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн жана Ош шаарындагы «Ынтымак» радиосунун түз эфирлери аркылуу 182 жарандын суроолору кабыл алынып, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.