2014-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө расмий сапар менен келген Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү тармактардагы кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө мындан ары аракеттенишүүнүн келечек максаттары  талкууланды.

Ошондой эле мамлекет башчысы канатташ чек аранын коопсуздугун биргелешип камсыз кылуу жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди тездетип аягына  чыгаруу зарылчылыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Кохир Расулзода эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, өлкөлөр ортосундагы экономикалык, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилешти.