Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчанды кабыл алды
2014-жылдын 20-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчанды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн мааниси баса белгиленди.



Комментарий кошуу