2014-жылдын 7-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Катар Мамлекетинин Доха шаарына келди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспекттерин жана өз ара кызыкчылык жараткан түрдүү тармактарда кызматташтыктын перспективаларын талкуулайт.