6-декабрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев ушул жылдын 14-ноябрында жер силкинүүдөн жабыркаган Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз районуна иш сапары менен барды.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы талкалануу деңгээли жана анын масштабы, калыбына келтирүү-оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаратылыш кырсыгынан турак-жайлары жабыркаган айыл тургундары менен жолугушту.

Ошондой эле, аймактагы биометриялык маалыматтардын чогултулуу абалы менен таанышты.

Андан ары жергиликтүү тургундар менен Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Мамкурулуштун жетекчиси Турдубек Мамбетов жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар, аларды текшерүү иштери тууралуу маалымат берди.

Жергиликтүү тургундар тарабынан райондун аймагындагы жол маселеси, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматкерлердин эмгек акылары, жайыт маселеси, мугалимдердин эмгек акысы, электр энергиясына болгон баанын жогорулашы сыяктуу маселелер айтылды.

SAG_3026

SAG_3011

SAG_3042

SAG_3071

SAG_3075

SAG_3097

SAG_3104

SAG_3157

SAG_3233

SAG_3254

SAG_3188

SAG_3250

SAG_3275

SAG_3321

SAG_3345

SAG_3366

SAG_3414

SAG_3470

SAG_3502

SAG_3479

SAG_3515

SAG_3523

SAG_3525

SAG_3539

SAG_3573

SAG_3584

SAG_3602

SAG_3610

SAG_3649

Фото Сабыр Айылчиевдики