Пара алып жаткан жеринен Жазаларды аткаруу кызматынын улук инспектору кармалды
Пара алып жаткан жеринен Жазаларды аткаруу кызматынын улук инспектору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Аламүдүн райондук прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, улук инспектор соттолуучудан 8 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал аны колониядан шарттуу-убагынан мурда чыгуучулардын катарына кошорун айткан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Булак: super.kg


Комментарий кошуу