Ош шаарындагы №5-СИЗОнун башчысы боюнча кызматтык иликтөө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Айта кетсек, буга чейин №5-СИЗОнун башчысы Абдыкадыр Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалганы айтылган эле.

Бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы “№5-СИЗОнун башчысы Абдыкадыр Асанов кармалган жок. Жөн гана соттолуучуну үйүнө барып келүүгө уруксат бергени боюнча суракка алынды. Негизинен орчундуу себеп болсо, соттолуучунун үйүнө барып келүүсүнө 7 күнгө чейин уруксат берилет” деп билдирди.

 

Булак: super.kg