Баткен облусунда чек арачылар тарабынан Өзбекстандын 3 жараны кармалды

“Айдаркен” чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар “Кадамжай-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетинен жараксыз документтер менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылышкан. Учурда бул боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар Баткен облусунун коопсуздук кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

чек араБулак: super.kg