эшек

Чүй облусунун Манас айылында эшектин этин союу фактысы үстүбүздөгү жылдын 9-февралында катталган. Окуяга байланыштуу Сокулук райондук милициясы кылмыш ишин козгогон. Маалыматка ылайык, үч апта мурда козголгон кылмыш иш Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка өткөрүлүп берилген. Окуя болгон жерден КТРКнын журналисттери да иликтеп келишти. Журналисттер жергиликтүү тургундар көрсөткөн үйгө киргенде эшектин кесилген баштарын, туяк, туздалган ичеги-карын көрүшкөн. Видеого тартуу учурунда терезелери караңгылатылган 3-4 унаада адамдар келип, алардын камерасын тартып алганга аракет жасаган. Эшек эти табылган жай мурда чочко сарай болгону, азыр ал кимге таандык экени анык боло элек. Бирок журналисттердин болжолдуу маалыматы боюнча,  эт Бишкектеги кафе-ресторандарга же эт базарларга өткөрүлүп келген болушу ыктымал. Журналисттер окуяны тастыктаган сүрөттөрдү социалдык тармактарга да жайгаштырышты.Тиешелүү мекеме өкүлдөрү бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА