жаныш бакиевӨлкөбүздө кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүнө карата чечкиндүү чаралар көрүлүп, чындап күрөш жүргүзүлө баштаганда алардын көпчүлүгү жеке керт баштарын коргоп, башка чет өлкөлөргө кире качышкан. Алардын бири Алманбет Анапияев эле. Ал боюнча коомчулукта ар түрдүү көз караштар орун алып жаткан. Кээ бирлери аны жардам бергени үчүн жакын көрүп коргоого алып, атүгүл балдарына анын ысмын ачык эле ыйгарып, ошонусу менен сыймыктануусун билдиргиси келсе, а көпчүлүк кримдүйнөнүн адамдарын эч убакта көкөлөтүүгө болбой тургандыгын, аларды коомдун ичин ириткен мите катары кабылдоону жакташаарын байма-бай билдирип келишет.

Арадан бир аз күн өтүп-өтпөй эле Беларустун борбору Минск шаарында А.Анапияевдин киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу суук кабар чагылгандай тез тарады. Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Алманбеттин Бакиевдер менен табакташ экендиги алар бийликте турган кезинде эле белгилүү болгон. Убагында Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныштын буйрутмаларын аткарып жүргөн болсо, эми минтип өзү анын кандуу колунан мерт болуп олтургандыгы көптөгөн табышмактуу суроолорду жаратпай койбойт. Булардын ортосун кандай кара мышык аралап өткөн жана талаштары эмнеде болгон деген суроо туулат. Эми мунун бардыгы тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болот деңизчи. Кечээ эле дос, бүгүн келишпес душман болуп, бири-биринин көздөрүн тазалоого өткөн кримдүйнөнүн өз ичинде да акча, байлык, баңгизат, ж. б. жаатында да катуу кармаш жүрүп жаткандыгын, мындайда бирин-бири аео деген болбой тургандыгын Анапияевдин өлүмү да ачык тастыктап турат. Ал башка өлкөдө, башка адамдар тарабынан өлтүрүлгөндө мынчалык чоң резонанска деле ээ болбойт беле, ким билет. Анткени, Бакиев бийлиги 2010-жылы жазында Ак Үйдүн алдында 90го жакын адамдын өлүмүнө себепкер болуп, ок атууга колдору баргандыгына, Кыргызстандын соту Бакиевдерди сыртта кылмыш жоопкерчилигине тарткан чечимдерди чыгаргандыгына карабастан ушул кезге чейин беш жылдан бери Беларусь бийлиги биз тарапка өткөрүп бербей канатына калкалап, ал гана эмес үй салганга жер бөлүп берип, улуттук паспорт менен камсыздап, мамлекеттик сыйлык менен сыйлап, тойлорун өткөзүп, айтор сайрандатып келе жаткандыгы түшүнүксүз болуп келет. Себеби, Евразиялык экономикалык биримдикке май айында Кыргызстан да толук кандуу мүчө болуп өтүп, бир ой-максатты көздөшкөн Россия, Беларусь, Казакстан өлкөлөрүнүн президенттери менен чогуу бир столдо олтуруп, көп маселелерди биргелешип чечкенге туура келет. Ошол себептүү Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Анапияевдин өлүмү боюнча Беларусь бийлигине карата Бакиевдерди эртелетип өткөрүп берүү талабы менен атайын билдирүү-кайрылуу менен чыкты. “Белоруссиянын бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек?” дегени түшүнгөн адамга көп нерсени айтып турбайбы. Башка өлкөдө баш калкалап жүрүшсө да ошол өлкөнүн мыйзамын тебелеп-тепсеп, көнгөн адаттары боюнча өздөрүнө жакпаган адамдарды өлтүрүп салуудан да кайра тартпаган зулумдук-канкордуктары калбайт экен да. Анан ушундай адамдарга баш калкалоо берип, демек, кылмышкерлерди коргоп-жактап жатканы мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерге да терс таасирин тийгизбей койбойт эмеспи. Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов бул боюнча өзүнүн оюн билдирип, КМШнын азыркы тарыхында өлкө президенти кылмышкерди өткөрүп берүү тууралуу катуу талап менен башка өлкөнүн башчысына кайрылып чыккан учур буга чейин болбогондугун, андыктан Беларусь тарабы акыл калчап, кулак төшөшү керектигин айтып олтурат.

Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги да 26-февралда расмий билдирүү жасап, нота жибергендиги Кыргызстанда буга өтө чоң саясий маани берилип жаткандыгынан кабар берип турат. Курманбек, Жаныш
Бакиевдерди жана башка издөөдө жүргөн адамдарды өткөрүп берүү тууралуу Беларусь бийлигине жолдонгон катка азырынча ал тараптан алгылыктуу жооп боло элек. А.Анапияевдин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү жана Жаныш Бакиевдин, ж.б. ага түздөн-түз тиешеси бар экендиги бул кылмышка күбө болгон Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөлөрү да тастыктап жаткандыгына карабастан, белоруссиялык тарап мындай негиздүү талаптарды аткаруудан негизсиз түрдө баш тартуусун улантып жаткандыгынын логикасын түшүнүү кыйын болуп баратат. Андыктан, 27-февралда Кыргызстандын Беларустагы элчилигинде өлкөбүздүн ТИМинин билдирүүсүнө байланыштуу өткөрүлгөн брифингге Израиль, Латвия, Литва, Германия, Улуубритания, АКШ, Эстония, Франция, Казакстан, Россия, Индия, Украина, Кытай өңдүү 20дан ашык мамлекеттин элчиликтеринин, ошондой эле ОБСЕ, МОМ, Европа биримдигинин өкүлдөрү да катышкандыгы жана аталган билдирүүнү түшүнүү менен кабыл алышкандыктары, күнөөлүү адамдар тигил же бул өлкөнүн аракеттеги мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы керектиги жаатында бир пикирде болушкандыктары биздин позициябыздын тууралыгын ачыктап турат.

Чынында эле Беларусь бийлиги адам өлүмүнө сабын болгондорду канча убакытка чейин калкалай берет? Бул жерде эки башкача мамиле жасоо орун алып жатпайбы. Бир жагынан, Евразиялык экономикалык биримдикте бири-бирин колдогон бирдиктүү саясат жүргүзүүгө макул болуп, а ошол эле учурда ал биримдикке мүчө болгон өз тарапташынын мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартып, мамлекеттик деңгээлде кылмышкерлерге калканч болуп келет. Ошол себептүү, Анапияевдин өлүмүнө байланышкан кылмыштуу ишти Минскте аягына дейре адилет тергеп-тескеп, тийиштүү туура жыйынтык чыгараарына, кылмышкерлер өз жазаларын алышаарына деле ишеним артуу кыйын. Ырас, эртеби-кечпи, ким кандай кылмыш жасабасын баары бир өз жазасын алаары бышык эмеспи. Бакиевдерди элдин наалаты деле алыска узатпайт. Минскте эптеп баш калкалап жүрүшсө да, ал өлкөнүн мыйзамдарын уруп ойнобой, адам өлтүрүп жатса да, ээн-эркин жүрүшкөн Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү бул аракеттери менен Беларусь элине карата да душмандык кылып, өтүктөрүн төргө илип, өз билгендерин кылып жатышкандыктары акыры барып ал өлкөнүн беделине доо кетире берерине түшүнүүчү мезгил да келип жетет.

 Таалайбек ТЕМИРОВ