окуучулардепут1

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети уюштурган долбоордун 14 катышуучусу Жогорку Кеңеште практикада болуп кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган комитеттен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети Ош шаарында мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүдө жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, лидерлик сапаттарын өркүндөтүү максатында 2014-жылдын май айынан баштап “Интеллектуалдык өнүктүрүү мекетеби” акысыз лидерлик окуу долбоорун уюштуруган. Окуу долбоордун алкагында 200 студенттин ичинен 40 студент сынактан өтүп, жыйынтыгында мыкты деп табылган 14 студент 7-декабрдан 13-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине практикада болушту.

“Студенттер практика учурунда өз адистиги боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин бөлүмдөрүндө тажрыйба топтошту. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуп, учурдагы маанилүү көйгөйлөрдү талкуулап, кеп-кеңештерин угушуп, студенттер үчүн  бир топ жемиштүү практика болду”, деп айтылат маалыматта. 

Булак: super.kg