детиии1

 Ак-Талаа районунан бир үй-бүлө эки кыздуу болушкандан кийин ажырашып кетишкен. Натыйжада бир кыз атасынын, бир кыз апасынын карамагында багууда калышат. Келин болсо 2-класста окуган кызын алып барып энесинин кароосуна таштап кетет. Ал үйдө 1986-жылы туулган эркек адам да жашайт. Ал эми өткөн жылдын күз мезгилинен бери окуучу кызды ошол адам зордуктап жүргөндүгү жыл жаңыргандан кийин ачыкка чыгат.

Мындай маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, полковник Орозобек Молдосариев билдирди.

-Азыр бала камакка алынды. Негизи ал адам биринчи топтогу майып экен,-дейт О.Молдосариев мырза.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу